2019-жылдын 16-октябрындагы № 3282-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 16-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

16-10-2019 09:38

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 16-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 16-октябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

“Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

 

 

 

 

Төраганын орун басары                                                         М.И. Бакиров

 



Көрүүлөрдүн саны : 20