2019-жылдын 31-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

31-10-2019 17:33

2019-жылдын 30-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоору:

 

1. “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө жана иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  (демилгечилер – депутаттар Сулайманов А.Т., Шыкмаматов А.Н., Керезбеков К.К., Абдылдаев М.Ю., Турусбеков Б.С., Бекешев Д.Д., Жунус уулу Алтынбек) (Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2019-жылдын 31-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

2. “2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.06.19дагы № 332 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Мамытов Т.Т.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.01.19дагы № 32 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Эмгек кодексине, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын бириктирилген долбоору (демилгечи – Өкмөт, 11.06.19дагы № 289 токтом жана 01.08.19дагы № 395 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Борбор Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасы (БА РЖКЖП-3)” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 14.10.19дагы № 541 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, бардык фракциялардын оң чечимдери болгондо – үч окууда кабыл алынсын; Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

7. “2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Борбор Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасы (БА РЖКЖП-3)” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи  окуу)

 

8. “2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Борбор Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасы (БА РЖКЖП-3)” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору  (үчүнчү окуу)

 

9. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Айдаров С.А., Арапбаев А.А., Асылбаева Г.К., Осмонова А.Ш., Сурабалдиева Э.Ж.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

10. “Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 10.09.18деги № 422 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)  



Көрүүлөрдүн саны : 126