2019-жылдын 31-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору

25-10-2019 14:59

Долбоор

Өзгөртүүлөр болушу мүмкүн

 

2019-жылдын 31-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартиби

 

 

1. Ар кандай маселелер

 

2. “2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору ( үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 28.06.19дагы № 332 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)

 

3. “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Мамытов Т.Т.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет)

 

4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 31.01.19дагы № 32 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

 

5. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Эмгек кодексине, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын бириктирилген долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 11.06.19дагы № 289 токтом жана 01.08.19дагы № 395 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

 

6. “2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Борбор Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасы (БАРЖКЖП-3)” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 14.10.19дагы № 541 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет)

 



Көрүүлөрдүн саны : 1377