2019-жылдын 24-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору

18-10-2019 11:03

Долбоор

Өзгөртүүлөр болушу мүмкүн

 

2019-жылдын 24-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартиби

 

 

1. Ар кандай маселелер

 

2. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 14.05.19дагы № 225 токтом) (Бюджет жана финансы боюнча комитет)

 

3. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 20.06.19дагы № 306 токтом) (Бюджет жана финансы боюнча комитет)

 

4. “Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 14.05.19дагы № 224 токтом) (бардык комитеттер)

 

5. “Душанбе шаарында 2018-жылдын 28-сентябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 30.07.19дагы № 374 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет,Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет)

 

6. “Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы конвенциянын 2014-жылдагы протоколун ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 06.09.19дагы № 457 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет)

 



Көрүүлөрдүн саны : 1487