Протокол № 7 19.09.2019-жыл

10-10-2019 18:20

7

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

 

(2019-2020-жылдар)

 

 

 

2019-жылдын  19-сентябры                                                                9 саат 30 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.А.Джумабеков

 

 

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, К.Ш.Баймуратов  (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ж.К.Турускуловго берилген), Э.Ж.Сурабалдиева (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Е.Г.Строковага  берилген), П.Р.Тулендыбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Э.Ж.Байбакпаевге  берилген).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаев,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

104 депутат катталды.

 

1. 2019-жылдын 19-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -87, каршы-жок, бардыгы 87 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

2019-жылдын 19-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун жалпысынан кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -93, каршы-жок, бардыгы 93 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутаттар И.А.Масалиев, А.Н.Шыкмаматов, У.Т.Кыдыралиев.

 

Жыйналыштын ишин жабык улантуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -77, каршы-3, бардыгы 80 депутат добуш берди, 114 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Жыйналыш андан ары жабык уланууда.

 

16 саат 45 мүнөт

 

Жыйналыш ачык уланууда.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

105 депутат катталды.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Финансылык рынок чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” (2019-жылдын 29-майындагы №233 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары М.М.Абировдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары М.М.Абиров, депутаттар А.Т.Алтыбаева, Б.С.Турусбеков.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

            Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын экономика министри С.Т.Муканбетов.

 

            3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 11-июнундагы №289 токтому) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 1-августундагы №395 токтому) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун биринчи окууда кароо.

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Т.Муканбетовдун сүйлөгөн сөзү.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Т.Муканбетов, депутаттар А.А.Карашев, Б.И.Сулейманов,  М.К.Жеенчороев, З.Э.Шарапов, Э.Ж.Байбакпаев, С.А.Айдаров.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 


Төрага                                                                                            Д. Джумабеков

 



Көрүүлөрдүн саны : 11