Протокол № 6 18.09.2019-жыл

10-10-2019 18:19

6

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

 

(2019-2020-жылдар)

 

 

 

2019-жылдын  18-сентябры                                                                9 саат 30 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.А.Джумабеков

 

 

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев,  Э.Ж.Сурабалдиева (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Е.Г.Строковага  берилген), П.Р.Тулендыбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Э.Ж.Байбакпаевге берилген).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

102 депутат катталды.

 

1. 2019-жылдын 18-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -90, каршы-жок, бардыгы 90 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат К.Ж.Рыспаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

2019-жылдын 18-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун төрагалык кылуучунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунуштарын эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -96, каршы-жок, бардыгы 96 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

            Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

            2. Кыргыз Рспубликасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (2019-жылдын 11-июнундагы №290 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Т.Муканбетовдун сүйлөгөн сөзү.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат А.М.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Т.Муканбетов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасы К.К.Абдалиев, төрагалык кылуучу,  депутаттар Т.Г.Тиллаев, А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Д.К.Кадыров, депутаттар Т.З.Зулпукаров, У.Б.Примов, А.Б.Баатырбеков, К.С.Нурматов, С.А.Келдибаев, Б.Ж.Субанбеков, Р.Ч.Момбеков, А.А.Турсунбаев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -65, каршы-3, бардыгы 68 депутат добуш берди, 115 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Т.Муканбетов, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Д.К.Кадыров, депутаттар М.К.Жеенчороев, Д.Д.Бекешев, А.А.Аскарова, У.Т.Кыдыралиев, А.И.Кулбараков, төрагалык кылуучу.

 

            Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

            15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

11 саат 15 мүнөт

 

            Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

            102 депутат катталды.

 

            3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын “2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана  2018-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун ар жылдык баяндамаларын  угуу.

 

            Сунуш кылынган баяндама боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы  (Омбудсмени) Т.Б.Мамытовдун сүйлөгөн сөзү.

 

            Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

            Сунуш кылынган баяндама боюнча Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору Н.Э.Сулаймановдун сүйлөгөн сөзү.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат Т.У.Шайназаров, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиев, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы  (Омбудсмени) Т.Б.Мамытов,  депутаттар Д.Д.Бекешев, О.М.Бакиров.

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат С.Шер-Нияз, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы  (Омбудсмени) Т.Б.Мамытов, депутаттар Т.Т.Мамытов, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С.Өмүрбекова.

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков  төрагалык кылды.

 

            Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат Т.Т.Мамытов.

 

             «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу» маселени жыйналыштын күн тартибинен алып салуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -61, каршы-жок, бардыгы 61 депутат добуш берди, 104 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

            2019-жылдын 19-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибиндеги «Ар түрдүү» маселени алып салуу жана 2019-жылдын 19-сентябрындагы жыйналыштын  күн тартибинин долбооруна  «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу» маселени киргизүү жөнүндө депутат Т.Т.Мамытовдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -66, каршы-жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 104 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат М.Э.Мавлянова, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы  (Омбудсмени) Т.Б.Мамытов, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С.Өмүрбекова, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри У.Т.Кочкоров.

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы  (Омбудсмени) Т.Б.Мамытов.

 

            1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

14 саат 15 мүнөт

 

            Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

            95 депутат катталды.

 

            Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын “2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана  2018-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун ар жылдык баяндамаларын  угуунун уландысы.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат Ж.К.Акаев, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы  (Омбудсмени) Т.Б.Мамытов, депутат Н.Т.Тотонов, Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору Н.Э.Сулайманов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары П.Ж.Асанов, депутаттар А.Б.Баатырбеков, А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиев, депутаттар Б.Ж.Субанбеков, У.Т.Кыдыралиев, А.А.Турсунбаев, Р.А.Казакбаев, М.А.Маматалиев, К.С.Нурматов, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри У.Т.Кочкоров, депутаттар С.К.Нышанов, А.Ш.Осмонова, А.Н.Шыкмаматов, А.К.Касымалиева.

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат Р.А.Казакбаев, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Б.Мамытов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары П.Ж.Асанов, депутаттар С.К.Нышанов, К.С.Нурматов, М.К.Жеенчороев, А.Т.Алтыбаева, Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору Н.Э.Сулайманов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиев, депутаттар А.А.Карашев, И.А.Масалиев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С.Өмүрбекова, депутат У.Т.Кыдыралиев, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Б.С.Ибраимжанов, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н.С.Ниязалиев.

 

Угулган баяндамаларды талкуулоо.

 

            Чыгып сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Б.Мамытов, төрагалык кылуучу.

 

            “2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык баяндамасы жөнүндө» жана  «2018-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун ар жылдык баяндамасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  токтомунун долбоорлорун кабыл алуу жана угулган баяндамалар боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

            “2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык баяндамасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -76, каршы-жок, бардыгы 76 депутат добуш берди, 105 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

            «2018-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун ар жылдык баяндамасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорлорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -85, каршы-жок, бардыгы 85 депутат добуш берди, 105 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

            Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

            Төрага                                                                                            Д. Джумабеков



Көрүүлөрдүн саны : 8