Протокол № 4 11.09.2019-жыл

10-10-2019 18:16

 4

 

VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VI СЕССИЯСЫ

 

2019-2020-ЖЫЛДАР

 

2019-жылдын 11-сентябры                                                        9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

Төрагалык кылды                                 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун басары

М.И.Бакиров

 

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев.

 

 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

 

66 депутат каттоодон өттү.

 

 

1. 2019-жылдын 11-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы – жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 79 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Т.К.Конушбаев, О.М.Бакиров, К.Дж.Рыспаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары А.А.Абытов.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары А.А.Абытовдун сунушун эске алуу менен 2019-жылдын 11-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 86, каршы – жок, бардыгы 86 депутат добуш берди, 109 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.К.Сыдыгалиев («Кыргызстан») Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдындагы анты.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

3. «Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматына Исаков Каныбек Абдуваитовичти дайыноону жактыруу үчүн Премьер-министрдин сунуштамасы жөнүндө» маселени кароо.

 

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С.Омурбекованын сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматына талапкер К.А.Исаков, депутаттар Э.Т.Токтошев, А.Т.Алтыбаева, А.С.Токторов, А.А.Арапбаев, А.М.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С.Омурбекова, депутаттар К.Б.Орозова, Б.Э.Торобаев, А.К.Касымалиева, У.З.Ормонов, К.Жолдошбаев, Н.Т.Тотонов, С.А.Келдибаев, Р.Ч.Момбеков, Н.В.Никитенко, Ж.К.Акаев, төрагалык кылуучу, депутаттар Н.Т.Каримов, А.Ү.Жапаров, А.А.Турсунбаев, Т.К.Конушбаев, А.А.Карашев, Н.К.Алимбеков, З.И.Жамалдинов, С.М.Джураев.

 

 

 

15 мүнөткө тыныгуу жарыяланды.

 

 

Саат 11.25

 

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары О.М.Бакиров төрагалык кылды.

 

 

70 депутат каттоодон өттү.

 

 

«Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматына Исаков Каныбек Абдуваитовичти дайыноону жактыруу үчүн Премьер-министрдин сунуштамасы жөнүндө» маселени кароону улантуу.

 

 

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат А.Н.Шыкмаматов, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматына талапкер К.А.Исаков, депутат А.А.Аскарова, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С.Омурбекова, депутаттар Б.У.Сыдыков, О.М.Бакиров, У.О.Самаев, А.Т.Сулайманов, А.Ж.Акматов.

 

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Ч.А.Турсунбеков, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С.Омурбекова, депутаттар З.Э.Шарапов, А.А.Турсунбаев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматына талапкер К.А.Исаков, төрагалык кылуучу, депутаттар У.Т.Кыдыралиев, М.Э.Мавлянова, К.Ш.Баймуратов, И.А.Масалиев, Д.Б.Аттокуров, М.Э.Сабиров, төрагалык кылуучу, депутаттар Э.Ж.Сурабалдиева, Е.Г.Строкова, Р.Ч.Момбеков, А.Ш.Осмонова, Т.Г.Тиллаев, А.Ж.Акматов, Н.В.Никитенко, К.С.Нурматов, А.Т.Мамашова.

 

 

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

 

Саат 14.10

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

97 депутат каттоодон өттү.

 

 

«Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматына Исаков Каныбек Абдуваитовичти дайыноону жактыруу үчүн Премьер-министрдин сунуштамасы жөнүндө» маселени кароону улантуу.

 

 

Каралып жаткан маселени талкуулоо.

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар А.Ү.Жапаров, К.К.Иманалиев, А.Т.Алтыбаева.

 

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы – 3, бардыгы 68 депутат добуш берди, 97 депутат каттоодон өттү.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Каралып жаткан маселени талкуулоону улантуу.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар К.Т.Зулушев, И.А.Масалиев, төрагалык кылуучу, депутаттар И.Ш.Өмүркулов, К.К.Керезбеков, С.Шер-Нияз.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматына талапкер Исаков Каныбек Абдуваитовичти дайыноону жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

 

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги кызматына К.А.Исаковдун талапкерлигин жактыруу жана 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 107, каршы – жок, бардыгы 107 добуш берди, 111 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, К.А.Исаков.

 

 

 

 

 

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 19-ноябрындагы № 539 токтому) «Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 10-июнундагы № 288 токтому) «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министри С.Т.Муканбетовдун сөзү.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Артыков, Н.Т.Каримов, Т.У.Жоробеков, К.Б.Орозова, К.Жолдошбаев, С.К.Нышанов, М.Г.Мадеминов, А.Э.Самигуллина, И.Ю.Карамушкина, А.А.Арапбаев, Б.К.Райымкулов, А.Л.Юсуров, Б.Ж.Субанбеков, Э.С.Тагаев, З.Э.Шарапов, И.А.Пирматов, Т.А.Масабиров, С.М.Джураев, У.Б.Примов, А.Ж.Исмаилова, И.А.Маннанов, А.М.Эргешов, Е.Г.Строкова, Р.М.Туманбаева, А.Ш.Осмонова, А.И.Кулбараков, Б.И.Сулейманов, А.Ш.Жээнбеков, А.К.Дюшалиев, Р.Ч.Момбеков, А.Т.Мамашова, А.М.Нурбаев, А.А.Турсунбаев, Адыл Жунус уулу, М.А.Айнакулов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат А.Артыковдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар И.Т.Гайпкулов, З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын экономика министри С.Т.Муканбетов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Э.Асылкулов, депутаттар А.Артыков – демилгечилердин бири, Д.Д.Бекешев, К.С.Бокоев, У.З.Ормонов, А.Б.Баатырбеков, төрагалык кылуучу.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда чектке кагуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасын Н.К.Алимбековдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна биринчи окууну четке кагууга добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ү.Жапаров, Б.Ж.Жетигенов, Т.З.Зулпукаров, А.Л.Юсуров, М.А.Маматалиев, А.Т.Абжалиев, А.Т.Сулайманов тарабынан демилгеленген «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутат К.С.Бокоев.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат А.Ү.Жапаровдун сөзү.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин С.А.Айдаровдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечим кабыл алынды.

 

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.К.Турускулов, Б.С.Турусбеков тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат Ж.К.Турускуловдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар С.К.Нышанов, демилгечилердин бири – Ж.К.Турускулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Э.Дж.Шерипов.

 

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – жок, бардыгы 70 депутат добуш берди. 114 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

Сөз сүйлөштү: депутаттар М.И.Бакиров, демилгечилердин бири – Ж.К.Турускулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Р.С.Артыкбаев, депутаттар демилгечилердин бири – Б.С.Турусбеков, А.Т.Алтыбаева, У.Т.Кыдыралиев, У.Т.Кыдыралиев, К.К.Керезбеков, М.А.Маматалиев.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

9. «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган «Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» (мыйзам долбоордун демилгечилери - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, А.Ш.Жээнбеков, М.А.Айнакулов, А.Ж.Акматов, А.Ү.Жапаров, Р.М.Туманбаева, К.С.Бокоев, Э.Т.Токтошев) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Сунушталган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Э.У.Чодуевдин сөзү.

 

 

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

10. «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» (мыйзам долбоорунун демилгечилери - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Эргешов, Н.К.Алимбеков, А.И.Кулбараков, У.Т.Кыдыралиев, У.О.Самаев, У.Б.Примов, А.С.Токторов, Т.И.Икрамов, Т.Т.Мамытов, Т.У.Жоробеков, Д.Г.Торокулов, А.М.Нурбаев, А.Ж.Исмаилова, Б.К.Райымкулов, А.Т.Алтыбаева, К.Дж.Рыспаев, Т.Г.Тиллаев, Б.С.Турусбеков, А.К.Касымалиева, И.Ш.Омуркулов, А.Б.Баатырбеков, М.Э.Мавлянова, А.Т.Алтыбаева, О.М.Бакиров, Ж.К.Турускулов) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Сунушталган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабекованын сөзү.

 

 

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

11. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» № 17-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Аскарова жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Сунушталган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Төрагалык кылуучунун сунушу боюнча мурда каралган мыйзам долбоору боюнча добуш берүү жол-жоболорун аяктаганга чейин тыныгуу жарыялабастан жыйналыштын ишин улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы – жок, бардыгы 82 депутат добуш берди, 115 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

12. 2019-жылдын 4, 5 жана 11-сентябрында каралган мыйзам долбоорлору менен токтом долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

 

117 депутат каттоодон өттү.

 

 

«2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 117, каршы – жок, бардыгы 117 депутат добуш берди, 117 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору кабыл алынды).

 

 

«2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 117, каршы – жок, бардыгы 117 депутат добуш берди, 117 депутат катталды.

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

 

«2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы, Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясынын ортосундагы «Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы» долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 117, каршы – жок, бардыгы 117 депутат добуш берди, 117 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашылган топту түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 117, каршы – жок, бардыгы 117 депутат добуш берди, 117 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларынын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 117, каршы – жок, бардыгы 117 депутат добуш берди, 117 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 10-июнундагы № 288 токтому) «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 117, каршы – жок, бардыгы 117 депутат добуш берди, 117 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Артыков, Н.Т.Каримов, Т.У.Жоробеков, К.Б.Орозова, К.Жолдошбаев, С.К.Нышанов, М.Г.Мадеминов, А.Э.Самигуллина, И.Ю.Карамушкина, өз А.А.Арапбаев, Б.К.Райымкулов, А.Л.Юсуров, Б.Ж.Субанбеков, Э.С.Тагаев, З.Э.Шарапов, И.А.Пирматов, Т.А.Масабиров, С.М.Джураев, У.Б.Примов, А.Ж.Исмаилова, И.А.Маннанов, А.М.Эргешов, Е.Г.Строкова, Р.М.Туманбаева, А.Ш.Осмонова, А.И.Кулбараков, Б.И.Сулейманов, А.Ш.Жээнбеков, А.К.Дюшалиев, Р.Ч.Момбеков, А.Т.Мамашова, А.М.Нурбаев, А.А.Турсунбаев, Адыл Жунус уулу, М.А.Айнакулов тарабынан демилгеленген биринчи окуудагы «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун четке кагуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 98, каршы – 19, бардыгы 117 депутат добуш берди, 117 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылды).

 

 

 

 

«Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 117, каршы – жок, бардыгы 117 депутат добуш берди, 117 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

«Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 116, каршы – жок, бардыгы 116 депутат добуш берди, 117 депутат катталды.

 

 

Добуш берүү жараксыз деп таанылды.

 

 

«Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 117, каршы – жок, бардыгы 116 депутат добуш берди, 117 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган «Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 116, каршы – жок, бардыгы 116 депутат добуш берди, 117 депутат катталды.

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 116, каршы – жок, бардыгы 116 депутат добуш берди, 117 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» № 17-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Аскарова жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 117, каршы – жок, бардыгы 117 депутат добуш берди, 117 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

 

Төраганын орун басары                                                   М.И. Бакиров



Көрүүлөрдүн саны : 8