Протокол № 2 04.09.2019-жыл

10-10-2019 18:13

2

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

 

(2019-2020-жылдар)

 

 

 

2019-жылдын  4-сентябры                                                                  9 саат 30 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.А.Джумабеков

 

 

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, И.Ю.Карамушкина, А.С.Кодуранова, Н.В.Никитенко (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Н.Шыкмаматовго  берилген), П.Р.Тулендыбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Э.Ж.Байбакпаевге  берилген).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

99 депутат катталды.

 

1. 2019-жылдын сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планынын долбоорун негиз катары кабыл алуу  жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -93, каршы-жок, бардыгы 93 депутат добуш берди, 101 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Т.Т.Мамытов, А.Т.Алтыбаева.

 

2019-жылдын сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планынын долбоорун чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын эске алуу менен кабыл алуу  жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -95, каршы-жок, бардыгы 95 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

2. 2019-жылдын 4-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -98, каршы-жок, бардыгы 98 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

2019-жылдын 4-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунушун эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -95, каршы-жок, бардыгы 95 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу депутат С.А.Айдаровду 50 жылдык мааракеси менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сыйлык алган айрым депутаттарын куттуктады.

 

Төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытовду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тааныштырды.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” (2019-жылдын 23-апрелиндеги №190 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” (2019-жылдын 28-июнундагы №322 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министри С.Т.Муканбетовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.А.Карашев,  Кыргыз Республикасынын экономика министри С.Т.Муканбетов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба  мамлекеттик агенттигинин  экологиялык стратегия жана саясат башкармалыгынын начальниги  А.Ж.Бариева, депутаттар А.Т.Алтыбаева, Б.С.Турусбеков, Р.М.Туманбаева, Р.А.Казакбаев, У.З.Ормонов, Д.Д.Бекешев, У.Т.Кыдыралиев, М.Э.Мавлянова, Т.У.Шайназаров, М.Э.Сабиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба  мамлекеттик агенттигинин  токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин директору Н.К.Жумаев, депутаттар А.Ү.Жапаров, З.Э.Шарапов, Э.Ж.Сурабалдиева, Д.Б.Аттокуров, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                            Д. Джумабеков

 



Көрүүлөрдүн саны : 8