Протокол № 1 (кезексиз) 08.08.2019-жыл

10-10-2019 18:10

 1

 

кезексиз жыйналыш

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН КЕЗЕКСИЗ VI СЕССИЯСЫ

 

2019-жыл

 

 

 

2019-жылдын  8-августу                                                                      14 саат 00 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.А. Джумабеков

 

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, С.М.Джураев  (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.З.Зулпукаровго берилген).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнүн эксперти Б.К.Кенжематов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

Төрагалык кылуучу  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI  чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын ачылышын жарыялады.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни ойнолду.

 

61 депутат катталды.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутаттар А.С.Токторов, И.Ш.Өмүркулов, У.О.Самаев.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

1. 2019-жылдын 8-августундагы кезексиз жыйналышынын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 60, каршы - жок, бардыгы 60 депутат добуш берди, 61 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутаттар М.К.Жеенчороев, Т.И.Икрамов, Р.Ч.Момбеков, А.Н.Шыкмаматов, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев.

 

Чечим кабыл алынды: -  “Нарын облусунун Солтон-Сары кениндеги кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиевдин маалыматы тууралуу” маселени кезексиз жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизүү.

 

“Нарын облусунун Солтон-Сары кениндеги кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиевдин маалыматы тууралуу” маселени кезексиз жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизүү жөнүндө депутат А.Н.Шыкмаматовдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 63, каршы - жок, бардыгы 63 депутат добуш берди, 70 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

2. “2019-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал жөнүндө” жана “Нарын облусунун Солтон-Сары кениндеги кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиевдин маалыматы тууралуу” маселелерди кароо.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

“2019-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш  айылында түзүлгөн кырдаал жөнүндө” маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Р.Н.Опумбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

“2019-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал жөнүндө”  маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары С.А.Өмүрзаковдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

“Нарын облусунун Солтон-Сары кениндеги кырдаал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү:  төрагалык кылуучу, депутат М.К.Жеенчороев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Р.Н.Опумбаев, депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев,  депутаттар А.Н.Шыкмаматов,  Т.Т.Мамытов, Э.Ж.Сурабалдиева, С.К.Нышанов,  Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору О.А.Джамшитов, депутат Р.Ч.Момбеков,  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин иликтөө кызматынын начальниги П.Дж.Асанов, депутаттар А.Э.Самигуллина, А.Ш.Осмонова.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Ж.К.Турускулов, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Р.Н.Опумбаев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары С.А.Өмүрзаков, төрагалык кылуучу.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун сүйлөгөн сөзү.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат М.Э.Сабиров, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Р.Н.Опумбаев, депутаттар Ж.К.Акаев, Б.К.Райымкулов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору О.А.Жамшитов, депутаттар К.Т.Зулушев, О.М.Бакиров, Б.Ж.Субанбеков, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары С.А.Өмүрзаков, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин иликтөө кызматынын начальниги П.Дж.Асанов, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Артыков, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору О.А.Жамшитов, депутаттар Е.Г.Строкова, Т.И.Икрамов, А.Б.Баатырбеков, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Р.Н.Опумбаев, депутаттар М.Г.Мадеминов, М.И.Бакиров, К.Б.Орозова, М.Ю.Абдылдаев, төрагалык кылуучу, депутаттар К.Ш.Баймуратов, У.З.Ормонов, М.А.Маматалиев, Д.Д.Бекешев, А.Ү.Жапаров, Т.З.Зулпукаров, А.Ж.Акматов, А.С.Токторов, А.Н.Шыкмаматов, К.С.Бокоев, М.Э.Сабиров, Ч.А.Турсунбаев.

 

Каралып жаткан маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуунун зарылдыгы жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 53, каршы - 1, бардыгы 54 депутат добуш берди, 78 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Каралып жаткан маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети  даярдоо жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 64, каршы - жок, бардыгы 64 депутат добуш берди, 79 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар К.Б.Орозова, К.Жолдошбаев, А.Ү.Жапаров, Н.В.Никитенко, У.Т.Кыдыралиев, М.Г.Мадеминов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары С.А.Өмүрзаков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Р.Н.Опумбаев.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү:  депутаттар А.Ж.Акматов, Э.Т.Токтошев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Р.Н.Опумбаев, депутат А.Ү.Жапаров.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.К.Касымалиева, У.З.Ормонов, М.К.Жеенчороев, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги Р.С.Дуйшембиев.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залынан күч структураларынын башчыларын чыгып кетүүгө уруксат берүү жөнүндө депутат А.К.Касымалиеванын сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 58, каршы - 3, бардыгы 61 депутат добуш берди, 76 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

15 мүнөткө тыныгуу жарыяланды.

 

18 саат 5 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

63 депутат катталды.

 

“2019-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал жөнүндө” маселени кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору кабыл алынганга чейин кезексиз жыйналыштын ишинин убактысын узартуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 61, каршы - жок, бардыгы 61 депутат добуш берди, 62 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

“2019-жылдын 7-8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутаттар М.Ю.Абдылдаев, А.Т.Алтыбаева, Ж.К.Турускулов, Н.В.Никитенко - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы, А.Ж.Акматов.

 

“2019-жылдын 7-8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун  сүйлөгөн депутаттардын  сунуштарын эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 70, каршы - жок, бардыгы 70 депутат добуш берди, 74 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутаттар А.Ш.Осмонова, О.М.Бакиров.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйналышын коомдук телекөрсөтүүдөн чагылдырууну камсыз кылуу тууралуу Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоуктуруу корпорациясына тапшырма берүү жөнүндө  депутат О.М.Бакировдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 63, каршы - жок, бардыгы 63 депутат добуш берди, 72 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Ушуну менен жыйналыштын кезексиз жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы өз ишин аяктады.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни ойнолду.

 

 

 

 

Төрага                                                                                            Д. Джумабеков

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 27