Протокол № 72 27.06.2019-жыл

10-10-2019 17:32

72

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН V СЕССИЯСЫ

 

2018-2019-ЖЫЛДАР

 

2019-жылдын 27-июну                                                      9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

Төрагалык кылды                                 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

Д.А. Джумабеков

 

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, Д.Д.Бекешев, З.И.Жамалдинов (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси боюнча добуш берүү укугу депутат Т.У.Шайназаровго берилген), А.Т.Жутанов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Т.И.Икрамовго берилген), С.А.Келдибаев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Т.У.Жоробековго берилген), И.А.Масалиев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Б.Э.Торобаевге берилген), Н.И.Мусаев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат К.К.Исаевге берилген), И.А.Пирматов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат А.Т.Сулаймановго берилген), А.М.Султанов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Г.К.Асылбаевага берилген), Т.Г.Тиллаев (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси боюнча добуш берүү укугу депутат М.А.Маматалиевге берилген), А.С.Токторов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат У.О.Самаевге берилген), Р.М.Туманбаева (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат А.Алтынбековго берилген), Р.Н.Чойбеков (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат С.А.Айдаровго берилген), А.Л.Юсуров (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Т.И.Икрамовго берилген).

 

 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн эксперти А.А.Айылчиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

 

93 депутат каттоодон өттү.

 

 

1. 2019-жылдын 27-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы – 1, бардыгы 83 депутат добуш берди, 95 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Г.К.Асылбаева, Т.Т.Мамытов, К.Дж.Рыспаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

 

 

 

Кабыл алынган чечим - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 22-майындагы № 228 токтому) экинчи окуудагы «2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 12-июнундагы № 291 токтому) биринчи окуудагы «2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)» долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу»; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 19-апрелиндеги № 217 токтому) биринчи окуудагы «Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.Т.Мамытов тарабынан демилгеленген биринчи окуудагы «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 11-апрелиндеги № 3004-VI токтому менен түзүлгөн «Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» (мыйзам долбоордун демилгечилери - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Дж.Байбакпаев, А.А.Турсунбаев, И.А.Пирматов, А.Маматов, Ж.А.Калмаматов, Ж.К.Турускулов, А.М.Султанов, П.Р.Тулендыбаев, Г.К.Асылбаева, М.К.Жеенчороев, К.Дж.Рыспаев, А.Т.Жутанов, М.А.Исаков, И.В.Чудинов, Н.Н.Нишанов, У.Т.Кыдыралиев, А.И.Кулбараков, Д.Ш.Исаева, Д.Д.Бекешев, И.З.Сарсейитов, Б.С.Ибраимжанов).

 

 

 

 

Чыгып сүйлөгөндөрдүн сунуштарын эске алуу менен 2019-жылдын 27-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 83, каршы – 1, бардыгы 84 депутат добуш берди, 96 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым депутаттарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, «КМШ ПАА 25 жыл» юбилейлик медалы, «Парламенттер аралык кызматташууну бекемдөө үчүн», КМШ МПА Ардак грамоталары менен сыйлоо.

 

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 25-декабрындагы № 625 токтому) «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 29-апрелиндеги № 197 токтому) «2018-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунушталган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүү чечими кабыл алынды.

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 29-мартындагы № 151 токтому) «2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттарда) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 - Кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 - Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долборун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.А.Арапбаев, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Ж.С.Бейшенов, депутат У.З.Ормонов.

 

 

Депутат У.З.Ормоновдун сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 75, каршы – 2, бардыгы 77 депутат добуш берди, 106 депутат катталды.

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Б.Э.Торобаев, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Ж.К.Бейшенов, депутат Э.С.Тагаев.

 

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат З.Э.Шарапов, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Ж.К.Бейшенов, депутат А.Ж.Акматов, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Ш.М.Иманкулов, депутаттар М.А.Маматалиев, М.Э.Сабиров, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, депутаттар Э.Дж.Байбакпаев, Т.З.Зулпукаров, С.М.Джураев, К.Б.Орозова, Т.А.Масабиров.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары О.М.Бакиров, А.Ү.Жапаров, К.К.Исаев, Т.А.Масабиров, А.Т.Алтыбаева, Т.З.Зулпукаров, Б.К.Райымкулов, А.Ш.Жээнбеков тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунушталган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

7. «Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевди статусунан ажыратуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору О.А.Джамштиовдун сөзү.

 

 

Жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялабастан улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 98, каршы – жок, бардыгы 98 депутат добуш берди, 108 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Ж.Исмаилова.

 

 

Депутат А.Ж.Исмаилованын сунушу боюнча 2019-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышын чагылдыруу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 депутат добуш берди. 108 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды.

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан токтомдун долбоору боюнча талкуулоо жана суроо-жооп жол-жоболорун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 98, каршы – 2, бардыгы 100 депутат добуш берди, 108 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар И.Ю.Карамушкина, М.Г.Мадеминов, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору О.Д.Джамшитов, депутаттар К.Б.Орозова, Г.К.Асылбаева, К.Ш.Баймуратов, О.М.Бакиров, Т.У.Шайназаров, А.С.Токторов, Т.Т.Мамытов, М.К.Жеенчороев, У.Т.Кыдыралиев, А.С.Кодуранова, Э.Т.Токтошев, К.Дж.Рыспаев, Ж.К.Акаев, Б.И.Сулейманов, М.Э.Сабиров, О.М.Бакиров.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары О.М.Бакиров төрагалык кылды.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.Артыков, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору О.А.Жамшитов, депутат М.А.Маматалиев.

 

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар А.Б.Баатырбеков, Алтынбек Жунус уулу, Т.Г.Тиллаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору О.А.Джамшитов, депутаттар А.К.Касымалиева, Ж.К.Турускулов, А.С.Кодуранова, Н.В.Никитенко, төрагалык кылуучу, депутат А.Ү.Жапаров.

 

 

Каралып жаткан токтом боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 86, каршы – 4, бардыгы 90 депутат добуш берди, 109 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Чыгып сүйлөөгө «Бир Бол» парламенттик фракциясынын өкүлү А.Ү.Жапаровго 10 мүнөткө чейин чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы – 8, бардыгы 69 депутат добуш берди, 109 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Ушул токтом долбоорун кароону аягына чыкканга чейин тыныгуу жарыялабастан Жогорку Кеңештин жыйналышынын ишин улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 93, каршы – 2, бардыгы 95 депутат добуш берди, 109 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

«Бир Бол» парламенттик фракциясынын мүчөсү А.Ү.Жапаровдун сөзү.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат У.Т.Кыдыралиев, К.К.Иманалиев, төрагалык кылуучу.

 

 

Токтом долбоорун кароо боюнча ачык электрондук добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 106, каршы – жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 110 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

«Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевди статусунан ажыратуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 103, каршы – 6, бардыгы 109 депутат добуш берди, 110 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

 

Саат 14.30

 

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары О.М.Бакиров төрагалык кылды.

 

 

64 депутат каттоодон өттү.

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Эргешов, Н.К.Алимбеков, А.И.Кулбараков, У.Т.Кыдыралиев, У.О.Самаев, У.Б.Примов, А.С.Токторов, Т.И.Икрамов, Т.Т.Мамытов, Т.У.Жоробеков, Д.Г.Торокулов, А.М.Нурбаев, А.Ж.Исмаилова, Б.К.Райымкулов, А.Т.Алтыбаева, К.Дж.Рыспаев, Т.Г.Тиллаев, Б.С.Турусбеков, А.К.Касымалиева, И.Ш.Өмүркулов, А.Б.Баатырбеков, М.Э.Мавлянова, А.Алтынбеков, О.М.Бакиров, Ж.К.Турускулов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Б.Э.Торобаев, А.А.Арапбаев, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабекова.

 

 

Ушул конституциялык Мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

Көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.М.Эргешов, төрагалык кылуучу, депутат А.Б.Баатырбеков.

 

 

Депутат А.М.Эргешовдун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.К.Конушбаев, Р.Н.Чойбеков, У.Т.Кыдыралиев, Н.К.Алимбеков, Н.Т.Тотонов, К.Ш.Баймуратов, У.З.Ормонов, А.Т.Жутанов тарабынан демилгеленген биринчи окуудагы «Кыргыз Республикасынын курулуш тармагындагы айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана депутат А.Б.Баатырбековдын сунушу боюнча «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө» маселени жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – жок, бардыгы 70 депутат добуш берди, 94 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды.

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Эргешов, Н.К.Алимбеков, А.И.Кулбараков, У.Т.Кыдыралиев, У.О.Самаев, У.Б.Примов, А.С.Токторов, Т.И.Икрамов, Т.Т.Мамытов, Т.У.Жоробеков, Д.Г.Торокулов, А.М.Нурбаев, А.Ж.Исмаилова, Б.К.Райымкулов, А.Т.Алтыбаева, К.Дж.Рыспаев, Т.Г.Тиллаев, Б.С.Турусбеков, А.К.Касымалиева, И.Ш.Өмүркулов, А.Б.Баатырбеков, М.Э.Мавлянова, А.Алтынбеков, О.М.Бакиров, Ж.К.Турускулов тарабынан демилгеленген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат М.К.Жеенчороев, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борборду комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабекова, депутат М.Ю.Абдылдаев.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууга добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Эргешов, Н.К.Алимбеков, А.И.Кулбараков, У.Т.Кыдыралиев, У.О.Самаев, У.Б.Примов, А.С.Токторов, Т.И.Икрамов, Т.Т.Мамытов, Т.У.Жоробеков, Д.Г.Торокулов, А.М.Нурбаев, А.Ж.Исмаилова, Б.К.Райымкулов, А.Т.Алтыбаева, К.Дж.Рыспаев, Т.Г.Тиллаев, Б.С.Турусбеков, А.К.Касымалиева, И.Ш.Өмүркулов, А.Б.Баатырбеков, М.Э.Мавлянова, А.Алтынбеков, М.И.Бакиров, Ж.К.Турускулов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумду өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.К.Касымалиева, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабекова, төрагалык кылуучу, депутат М.К.Жеенчороев.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Эргешов, Н.К.Алимбеков, А.И.Кулбараков, У.Т.Кыдыралиев, У.О.Самаев, У.Б.Примов, А.С.Токторов, Т.И.Икрамов, Т.Т.Мамытов, Т.У.Жоробеков, Д.Г.Торокулов, А.М.Нурбаев, А.Ж.Исмаилова, Б.К.Райымкулов, А.Т.Алтыбаева, К.Дж.Рыспаев, Т.Г.Тиллаев, Б.С.Турусбеков, А.К.Касымалиева, И.Ш.Өмүркулов, А.Б.Баатырбеков, М.Э.Мавлянова, А.Алтынбеков, О.М.Бакиров, Ж.К.Турускулов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 31-декабрындагы № 668 токтому) «2015-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды өткөрүү жана озонду бузуучу заттарды эсепке алуу жөнүндө макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2016-жылдын 12-августунда Сочи шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутат Б.Э.Торобаев.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууга добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

12. Кыргыз Республиккасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 13-майындагы № 220 токтому) «Вильнюс шаарында 2018-жылдын 21-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууга добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо үчүн эсептөө палатасынын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө төрагалык кылуучу.

 

 

Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү талапкерлер: депутаттар О.М.Бакиров, М.А.Аманкулов, И.А.Маннанов, С.М.Джураев (КСДП), М.А.Маматалиев, Б.К.Райымкулов, Т.У.Жоробеков («Республика – Ата-Журт»), А.М.Эргешов, Т.А.Масабиров («Кыргызстан»), Алтынбек Жунус уулу («Өнүгүү-Прогресс»), Э.С.Тагаев («Бир-бол»), С.К.Нышанов («Ата Мекен»).

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын курамына жогоруда көрсөтүлгөн депутаттарды шайлоо тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы – жок, бардыгы 67 депутат добуш берди, 100 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 15-мартындагы № 123 токтому) «2018-жылы 24-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаковдун сөзү.

 

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

14. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т.Сулайманов, А.Н.Шыкмаматов, К.К.Керезбеков, М.Ю.Абдылдаев, Б.С.Турусбеков, Д.Д.Бекешев, Алтынбек Жунус уулу тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири – депутат А.Н.Шыкмаматовдун сөзү.

Сөз сүйлөштү: депутаттар К.Дж.Рыспаев, А.Н.Шыкмаматов – демилгечилердин бири, У.З.Ормонов.

 

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 53, каршы – жок, бардыгы 53 депутат добуш берди, 102 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.Ж.Исмаилова, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары К.Э.Ибраев, депутаттар А.Н.Шыкмаматов – демилгечилердин бири, Б.Ж.Субанбеков, А.А.Арапбаев, М.Э.Сабиров, Э.Т.Токтошев, А.Т.Сулайманов, төрагалык кылуучу.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасын К.Дж.Рыспаевдин сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

15 мүнөткө тыныгуу жарыяланды.

 

 

Саат 16.20

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

68  депутат каттоодон өттү.

15. «Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин курамына жаңы мүчөнү бекитүү жөнүндө» (Т.А.Абдырашитов жөнүндө) маселени кароо.

 

 

Сунушталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Н.А.Атаназаровдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат М.К.Жеенчороев, Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамына талапкер Т.А.Абдырашитов, депутаттар Б.Ж.Субанбеков, У.З.Ормонов, Дж.А.Бакчиев.

 

 

2017-жылдын 21-декабрындагы № 2098-VI «Кыргыз Республикасынын Судьялардын тандоо боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

 

2017-жылдын 21-декабрындагы № 2098-VI «Кыргыз Республикасынын Судьялардын тандоо боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – 7, бардыгы 85 депутат добуш берди, 97 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

16. «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына жаңы мүчөнү бекитүү жөнүндө» маселени кароо.

 

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына Д.Ш.Качкыналиеванын талапкерлиги боюнча парламенттик көпчүлүк коалициянын жетекчиси И.Ш.Өмүркуловдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Д.Ш.Качкыналиеванын парламенттик көпчүлүк коалициядан жана Ж.А.Сулаймановдун «Ата Мекен» парламенттик фракциядан талапкерлиги боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына Д.Ш.Качкыналиеванын талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 42, каршы – 13, бардыгы 55 депутат добуш берди, 103 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

 

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына Ж.А.Сулаймановдун талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы – 6, бардыгы 80 депутат добуш берди, 103 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына талапкер Ж.А.Сулаймановду бекитүү жөнүндө төрагалык кылуучу.

 

«2018-жылдын 24-январындагы № 2207-VI «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына мүчөлөрдү бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 81, каршы – 1, бардыгы 82 депутат добуш берди, 103 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

 

17. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө» маселени кароо.

 

 

Депутат Б.К.Райымкуловдун («Республика -  Ата-Журт») - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын төрагасы, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө (№ 1 протокол) жана бюллетен формасында (№ 2 протокол) сөзү.

 

 

Саат 16.00дөн – 16.40ка чейин бюллетенди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү болот.

 

 

Саат 16.45тен – 17.05ке чейин добуштарды саноо болот.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын төрагасы – депутат Б.К.Райымкуловдун («Республика – Ата-Журт») жашыруун добуш берүүнүн (№ 3 протокол) натыйжасы жөнүндө сөзү.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызматына депутат У.О.Самаевди шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы – макул – 86 добуш, каршы – 8 добуш.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.О.Самаев жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.О.Самаевди шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 87, каршы – жок, бардыгы 87 депутат добуш берди, 100 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 22-майындагы № 228 токтому) «2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

Мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу менен бардык парламенттик топтордун оң чечим чыгаргандыгы үчүн үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

 

Ушул каралып жаткан мыйзам долбоорун бир убакта экинчи жана үчүнчү окууда кароо жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 100 депутат каттоодон өттү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 12-июнундагы № 291 токтому) «2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)» долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары М.М.Каратаевдин сөзү.

 

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу менен бардык парламенттик топтордун оң чечим чыгаргандыгы үчүн үч окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үч окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

20. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.Т.Мамытов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын жосундар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоордун демилгечиси – депутат Т.Т.Мамытовдун сөзү.

 

 

Ушул мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сөзү.

 

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорду биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 19-апрелиндеги № 217 токтому) «Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Г.К.Асылбаева, төрагалык кылуучу, депутаттар Э.Дж.Байбакпаев, М.К.Жеенчороев, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Э.К.Абакиров.

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 19-апрелиндеги № 217 токтому) «Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жыйналыштын күн тартибинен алып салуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 79, каршы – 3, бардыгы 82 депутат добуш берди, 100 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 19-апрелиндеги № 217 токтому) «Мамлекеттик мүлк маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жыйналыштын күн тартибинен алып салуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы – 4, бардыгы 82 депутат добуш берди, 100 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

22. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 11-апрелиндеги № 3004-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыгылган «Энергиянын кайра жаралуучуу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын (мыйзам долбоордун демилгечилери – депутаттар Э.Дж.Байбакпаев, А.А.Турсунбаев, И.А.Пирматов, А.Маматов, Ж.А.Калмаматов, Ж.К.Турускулов, А.М.Султанов, П.Р.Тулендыбаев, Г.К.Асылбаева, М.К.Жеенчороев, К.Дж.Рыспаев, А.Т.Жутанов, М.А.Исаков, И.В.Чудинов, Н.Н.Нишанов, У.Т.Кыдыралиев, А.И.Кулбараков, Д.Ш.Исаева, Д.Д.Бекешев, И.Д.Сарсейитов, Б.С.Ибраимжанов) кароо.

 

 

Сунушталган Мыйзамдын макулдашылган варианты жөнүндө мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири – депутат Э.Дж.Байбакпаевдин сөзү.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

Көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган вариантын добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

23. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.К.Конушбаев, Р.Н.Чойбеков, У.Т.Кыдыралиев, Н.К.Алимбеков, Н.Т.Тотонов, К.Ш.Баймуратов, У.З.Ормонов, А.Т.Жутанов тарабынан демилгеленген «Курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасында шаар куруу жана архитектура жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири – депутат Т.К.Конушбаевдин сөзү.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Г.К.Асылбаева, демигечилеринин бири - Т.К.Конушбаев, А.М.Эргешов.

 

 

Депутат А.М.Эргешовдун сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Сөз сүйлөштү: макул – 80, каршы – 1, бардыгы 81 депутат добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөштү: депутат Т.З.Зулпукаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуникациялык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары М.А.Акматалиев, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Боронов, депутаттар Н.В.Никитенко, А.А.Карашев, Т.К.Конушбаев, А.К.Касымалиева, төрагалык кылуучу, депутаттар У.З.Ормонов, М.К.Жеенчороев, М.И.Бакиров, У.Т.Кыдыралиев, Алтынбек Жунус уулу.

 

 

Жыйналыштын күн тартибинен каралып жаткан Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун алып салуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 31, каршы – 40, бардыгы 71 депутат добуш берди, 102 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Эргешовдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Жыйналыштын ишин узартуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 90, каршы – жок, бардыгы 90 депутат добуш берди, 102 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

24. 2019-жылдын 27-июнунда каралган мыйзам долбоорлор боюнча добуш берүү.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутат Б.С.Турусбеков.

 

 

101 депутат каттоодон өттү.

 

 

«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 депутат добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

«2018-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

«2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттарда) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 - Кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 - Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долборуна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 100, каршы – 1, бардыгы 101 добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 99, каршы – 2, бардыгы 101 добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды (конституциялык Мыйзамдын долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 100, каршы – 1, бардыгы 101 добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

«Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумду өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 100, каршы – 1, бардыгы 101 добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долборуна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 100, каршы – 1, бардыгы 101 добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

«2015-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды өткөрүү жана озонду бузуучу заттарды эсепке алуу жөнүндө макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2016-жылдын 12-августунда Сочи шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Вильнюс шаарында 2018-жылдын 21-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

«2018-жылы 24-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

 

«2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долборуна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 99, каршы – 1, бардыгы 100 добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

Добуш берүү жараксыз деп таанылды.

 

 

«2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долборуна экинчи окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

«2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долборуна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

«2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)» долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

«2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)» долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

«2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)» долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 11-апрелиндеги № 3004-VI токтому менен түзүлгөн «Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

Чечим кабыл алынды (макулдашылган Мыйзамдын варианты кабыл алынды).

 

 

«Курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасында шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 89, каршы – 12, бардыгы 101 добуш берди, 101 депутат каттоодон өттү.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

 

25. «Өкмөттүк саатта» төмөнкүдөй маселени кароо: «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө маалыматы».

 

 

Каралып жаткан маселе боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Бороновдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат П.Р.Тулендыбаев, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Боронов, депутат А.М.Эргешов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнү өнүктүрүү департаментинин директору А.С.Токтошев.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Т.З.Зулпукаров, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары М.К.Есеналиев, депутаттар Б.Ж.Субанбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнү өнүктүрүү департаментинин директору А.С.Токтошев, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Боронов, депутаттар С.К.Нышанов, У.З.Ормонов, Б.К.Райымкулов.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Н.К.Алимбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнү өнүктүрүү департаментинин директору А.С.Токтошев, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Боронов, депутат С.М.Джураев, төрагалык кылуучу, депутаттар Т.А.Масабиров, А.Ш.Осмонова.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жаңырды.

 

 

 

 

Ушуну менен VI чакырылыштын V сессиясынын жыйналышы өз ишин аяктады.

 

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                 Д. Джумабеков



Көрүүлөрдүн саны : 44