Протокол № 70 20.06.2019-жыл

10-10-2019 17:31

 70

 

                                                                                                                                         

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН V СЕССИЯСЫ

 

(2018-2019-жылдар)

 

 

2019-жылдын 20-июну                                                                        9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                                      Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

                                                                                         Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, К.Ш.Баймуратов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ж.К.Турускулов берилген), Д.Д.Бекешев, А.У.Жапаров (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Т.Сулаймановго берилген), А.Ш.Жээнбеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.З.Зулпукаровго берилген), А.Ш.Осмонова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Ш.Жээнбековго берилген), М.Э.Сабиров, Г.К.Самат (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Маматовго берилген).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары А.А.Абытов.

 

97 депутат катталды.

 

       1. 2019-жылдын 20-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 73, каршы - 2, бардыгы 75 депутат добуш берди, 97 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

      

Сөз сүйлөдү: депутаттар М.А.Маматалиев, Э.Т.Токтошев.

      

       Чечим кабыл алынды: - “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-июнундагы №3109-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (мыйзам долбоорунун демилгечилери – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, А.К.Дюшалиев, М.И.Бакиров, А.Алтынбеков, А.О.Узакбаев, Жунус уулу Алтынбек) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын; “Мамлекеттик бюджеттик резервден каражат бөлүү жөнүндө” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2019-жылдын 10-июнундагы №194-т тескеме) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизүү.

      

       Депутаттардын сунуштарын эске алуу менен 2019-жылдын 20-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 72, каршы - 2, бардыгы 74 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

       Сөз сүйлөдү: депутат К.Б.Орозова.

 

      

       2. Ар кандай.

      

       Сөз сүйлөдү: депутаттар Б.С.Турусбеков, Т.У.Жоробеков, Б.Э.Торобаев, Т.Г.Тиллаев, П.Р.Тулендыбаев, М.А.Маматалиев, А.А.Турсунбаев, М.И.Бакиров, А.М.Эргешов, төрагалык кылуучу, депутат С.М.Джураев.

      

       Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

      

       Сөз сүйлөдү: депутаттар Т.И.Икрамов, Т.А.Масабиров, А.Ж.Исмаилова, Т.У.Шайназаров, төрагалык кылуучу, депутаттар О.А.Алыбаев, Е.Г.Строкова, У.З.Ормонов, Э.Т.Токтошев, А.А.Карашев, Ж.А.Мусабекова, И.Ю.Карамушкина, А.Т.Абжалиев, С.К.Нышанов, Б.Ж.Субанбеков, К.Б.Орозова, Т.К.Конушбаев, Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев.

      

       Депутат Т.У.Жоробековдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

      

       Депутат Т.И.Икрамовдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

      

       Депутат А.А.Карашевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

      

       15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.

      

                                                      11 саат 20 мүнөт

          Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

      

       78 депутат катталды.

      

       Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат К.Б.Орозова.

      

       Ага 10 мүнөткө чейинки убакытта чыгып сүйлөөгө мүмкүндүк берүү жөнүндө депутат К.Б.Орозованын сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 48, каршы - жок, бардыгы 48 депутат добуш берди, 88 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

      

      

       3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Б.Орозованын сөзү.

      

       Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат У.Т.Кыдыралиев.

      

      

       4. “Анын статусун алып салуу үчүн Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы күнөөлөрдү көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

      

       Сунуш кылынган токтом долбоору боюнча убактылуу атайын комиссиянын төрагасы – депутат К.К.Иманалиевдин сөзү.

      

       Сөз сүйлөдү: депутаттар И.Ю.Карамушкина, убактылуу атайын комиссиянын төрагасы К.К.Иманалиев, К.Б.Орозова, И.А.Масалиев, А.С.Кодуранова, Т.Г.Тиллаев, Ж.К.Акаев.

      

       Ага 5 мүнөткө чейинки убакытта чыгып сүйлөөгө мүмкүндүк берүү жөнүндө депутат Ж.К.Акаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 77, каршы - жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

      

       Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.К.Акаевдин сөзү.

      

       Сөз сүйлөдү: депутаттар И.Ю.Карамушкина, убактылуу атайын комиссиянын төрагасы К.К.Иманалиев, А.Артыков, А.Ж.Акматов.

      

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат А.Ж.Акматовдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 85, каршы - 7, бардыгы 92 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

          Чечим кабыл алынды.

         

          Сөз сүйлөдү: депутаттар К.С.Бокоев, убактылуу атайын комиссиянын төрагасы К.К.Иманалиев, Б.Э.Торобаев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары С.Самидин уулу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов.

         

          Аталган фракциянын лидерине чыгып сүйлөөгө убакыт берүүдө ага кошумча мүнөттөрдү берүү жөнүндө депутат Б.Э.Торобаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 93, каршы - 2, бардыгы 95 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

      

       Сөз сүйлөдү: депутаттар Б.Э.Торобаев, М.Ю.Абдылдаев, убактылуу атайын комиссиянын төрагасы К.К.Иманалиев.

       1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

      

                                                      14 саат 5 мүнөт

          Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

       96 депутат катталган.

      

       “Анын статусун алып салуу үчүн Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы күнөөлөрдү көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароону улантуу.

      

       Сөз сүйлөдү: депутаттар А.К.Касымалиева, Е.Г.Строкова, И.Ю.Карамушкина, А.Артыков, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары С.Самидин уулу, депутат Э.Т.Токтошев.

      

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын каралып жаткан маселе боюнча бөлүгүн коомдук телекөрсөтүүдөн толук көлөмдө чагылдыруу жөнүндө депутат Э.Т.Токтошевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 66, каршы - жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 102 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

      

Сөз сүйлөдү: депутаттар Э.Ж.Сурабалдиева, У.Т.Кыдыралиев, А.Э.Самигуллина, убактылуу атайын комиссиянын төрагасы К.К.Иманалиев, Т.Т.Мамытов, А.Н.Шыкмаматов.

 

Сунуш кылынган фракциянын лидерине чыгып сүйлөөгө убакыт берүүдө ага кошумча мүнөттөрдү берүү жөнүндө депутат Б.Э.Торобаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 93, каршы - 2, бардыгы 95 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

      

          Аталган фракциянын лидерине чыгып сүйлөөгө убакыт берүүдө ага 10 мүнөткө чейин убакыт берүү жөнүндө депутат А.Н.Шыкмаматовдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 92, каршы - 1, бардыгы 93 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

          “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери А.Н.Шыкмаматовдун сөзү.

         

          Каралып жаткан токтом долбоорун талкуулоо.

         

          Сөз сүйлөдү: депутаттар К.Б.Орозова, А.С.Кодуранова, И.Ю.Карамушкина, К.С.Бокоев, У.Т.Кыдыралиев, А.Артыков, Н.В.Никитенко.

         

          Сөз сүйлөдү: убактылуу атайын комиссиянын төрагасы К.К.Иманалиев.

         

          Сөз сүйлөдү: депутаттар А.С.Кодуранова, У.Т.Кыдыралиев, убактылуу атайын комиссиянын төрагасы К.К.Иманалиев, Т.Т.Мамытов.

         

                 Каралып жаткан токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.Керезбековдун сөзү.

                  

       104 депутат катталды.

      

       “Анын статусун алып салуу үчүн Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы күнөөлөрдү көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 100, каршы - 5, бардыгы 105 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

      

       Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.Керезбеков, төрагалык кылуучу.

      

       “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматынан Акыев Арзыбекти бошотуу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматынан Бактыгулов Бусурманкулду бошотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорлорун; “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясын шайлоо жөнүндө” (К.А.Дуйшеев тууралуу) маселени кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.Керезбековдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 93, каршы - 1, бардыгы 94 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

      

       Сөз сүйлөдү: депутат Т.И.Икрамов, төрагалык кылуучу.

      

      

       5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматынан Акыев Арзыбекти бошотуу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматынан Бактыгулов Бусурманкулду бошотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорлорун кароо.

      

       Сунуш кылынган токтом долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаевдин сөзү.

      

       Каралып жаткан токтом долбоорлорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.Керезбековдун сөзү.

      

       Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.Керезбеков.

      

       “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматынан А.Акыевди бошотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 103, каршы - жок, бардыгы 103 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

      

       “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматынан Б.Бактыгуловду бошотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 103, каршы - жок, бардыгы 103 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

      

      

       6. “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясын шайлоо жөнүндө” (К.А.Дуйшеев тууралуу) маселени кароо.

      

       Сунуш кылынган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаевдин сөзү.

      

       Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялык кызматына К.А.Дуйшеевди шайлоо жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.Керезбековдун сөзү.

      

       Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

      

       Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясын шайлоо боюнча добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен жашыруун добуш берүү өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин сунушу боюнча добуш берүү.

      

            Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 105, каршы - жок, бардыгы 105 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

              Чечим кабыл алынды.

      

      

       7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы К.А.Дуйшеевдин ант берүүсү.

      

       Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялыгына шайланган К.А.Дуйшеев, төрагалык кылуучу.

      

       “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 102, каршы - жок, бардыгы 102 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 17-апрелиндеги №176 токтом) “Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сөзү.

 

       Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Б.Д.Таиров.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Ж.Акматов.

      

       Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э.Мавлянова, У.Б.Примов, К.С.Нурматов, Г.С.Молдобекова, Т.Г.Тиллаев, М.И.Бакиров, С.К.Нышанов, А.К.Назаров, С.А.Айдаров демилгелеген “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жыйналыштын күн тартибинен чыгарып салуу жөнүндө депутат А.Ж.Акматовдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 76, каршы - 1, бардыгы 77 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

      

       Сөз сүйлөдү: депутат М.А.Маматалиев, төараглык кылуучу, депутапт К.Дж.Рыспаев.

      

       Жыйналыштын күн тартибиндеги маселелерди карагандан кийин мурда каралган мыйхам долбоорлору боюнча добуш берүү жол-жобосун өткөрүү жөнүндө депутат М.А.Маматалиевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 69, каршы - 1, бардыгы 70 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

      

      

       9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 25-июнундагы №300 токтом) “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

      

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенко, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, депутат У.Т.Кыдыралиев.

           

            15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.

           

                                                           16 саат 20 мүнөт

           

       Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

       62 депутат катталды.

      

       Сөз сүйлөдү: депутат У.Б.Примов, төрагалык кылуучу.

      

                  

       Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э.Мавлянова, У.Б.Примов, К.С.Нурматов, Г.С.Молдобекова, Т.Г.Тиллаев, М.И.Бакиров, С.К.Нышанов, А.К.Назаров, С.А.Айдаров демилгелеген “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө депутат У.Б.Примовдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 40, каршы - жок, бардыгы 40 депутат добуш берди, 68 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

      

      

       10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э.Мавлянова, У.Б.Примов, К.С.Нурматов, Г.С.Молдобекова, Т.Г.Тиллаев, М.И.Бакиров, С.К.Нышанов, А.К.Назаров, С.А.Айдаров демилгелеген “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

      

  Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин өкүлү А.О.Узакбаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 6-мартындагы №107 токтом) “Бишкек шаарында 2018-жылдын 1-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

           

  Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

           

  12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын
6-мартындагы №108 токтом), Ашхабад шаарында 2018-жылдын 23-августунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

           

  Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

  13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын
27-апрелиндеги №190 токтом), Ашхабат шаарында 2018-жылдын 23-августунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы
кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

           

  Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 29-апрелиндеги №197 токтом), “Бишкек шаарында 2018-жылдын 31-декабрында кол коюлган “2018-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Э.У.Чодуев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директору К.Дж.Таштаналиев, депутаттар А.К.Дюшалиев, К.С.Нурматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматов, депутат А.Алтынбеков.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат С.К.Нышановдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 61, каршы - жок, бардыгы 61 депутат добуш берди, 88 депутат катталган.

         

          Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматов, депутат Б.К.Райымкулов, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Э.У.Чодуев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директору К.Дж.Таштаналиев, депутат Б.С.Турусбеков, төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын каралып жаткан Мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинен чыгарып салуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 30, каршы - 1, бардыгы 31 депутат добуш берди, 88 депутат катталган.

         

          Чечим кабыл алынган жок.

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматов, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директору К.Дж.Таштаналиев, депутат Т.Г.Тиллаев, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Т.Карымшаков, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Э.У.Чодуев, депутат М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Н.С.Мирзахмедов, депутаттар А.А.Карашев, А.К.Дюшалиев, Б.С.Турусбеков.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

  Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т.Мамашова, И.Т.Гайпкулов, А.Н.Шыкмаматов, К.К.Иманалиев, А.Маматов, Н.В.Никитенко, С.К.Нышанов, Г.К.Самат, Б.И.Сулейманов, Э.Т.Токтошев, С.Шер-Нияз демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлү И.Т.Гайпкуловдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

      

      

       16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын
18-апрелиндеги №184 токтом) “Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготкондугун таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

      

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлү И.Т.Гайпкуловдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

      

 

       17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын
22-майындагы №228 токтом), “Бишкек шаарында 2018-жылдын 28-декабрында кол коюлган, “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көлгө куйган сууларды башкаруу” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2018-жылдын 28-декабрында кол коюлган, “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көлгө куйган сууларды башкаруу” долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

      

       Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай - комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары М.А.Акматалиевдин сөзү.

      

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

      

       Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

      

       18. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана кызматкерлеринин кызматтык ишсапарлары жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы №829-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

      

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

       Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана кызматкерлеринин кызматтык ишсапарлары жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы №829-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

   Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 30, каршы - 1, бардыгы 31 депутат добуш берди, 88 депутат катталган.

          Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

19. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-июнундагы №3109 токтому менен түзүлгөн, макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (мыйзам долбоорунун демилгечилери – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, А.К.Дюшалиев, М.И.Бакиров, А.Алтынбеков, А.О.Узакбаев жана Жунус уулу Алтынбек) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо.

 

Сунуш кылынган Мыйзамдын макулдашылган варианты жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаковдун сөзү.

 

Мыйзамдын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлү И.Т.Гайпкуловдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган вариантын добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 10-июнундагы №194-р тескеме) “Мамлекеттик бюджеттик резервден каражат бөлүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаковдун сөзү.

 

“Мамлекеттик бюджеттик резервден каражат бөлүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 66, каршы - жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 95 депутат катталган.

          Чечим кабыл алынды.

         

21. 2019-жылдын 19 жана 20-июнунда каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

89 депутат катталган.

 

“Жерди пайдалануу маселелери боюнча Кыргыз Ресмпубликасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 88, каршы - жок, бардыгы 88 депутат добуш берди, 89 депутат катталган.

          Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Жерди пайдалануу маселелери боюнча Кыргыз Ресмпубликасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 89, каршы - жок, бардыгы 89 депутат добуш берди, 89 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Аз өндүрүмдүү айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, “Жер участкаларын которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 88, каршы - 1, бардыгы 89 депутат добуш берди, 89 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 89, каршы - жок, бардыгы 89 депутат добуш берди, 89 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 89, каршы - жок, бардыгы 89 депутат добуш берди, 89 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 88, каршы - жок, бардыгы 88 депутат добуш берди, 88 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Бишкек шаарында 2018-жылдын 1-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 88, каршы - жок, бардыгы 88 депутат добуш берди, 88 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Ашхабад шаарында 2018-жылдын 23-августунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 89, каршы - жок, бардыгы 89 депутат добуш берди, 89 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Ашхабад шаарында 2018-жылдын 23-августунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 89, каршы - жок, бардыгы 89 депутат добуш берди, 89 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Бишкек шаарында 2018-жылдын 31-декабрында кол коюлган, “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 86, каршы - 3, бардыгы 89 депутат добуш берди, 89 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 89, каршы - жок, бардыгы 89 депутат добуш берди, 89 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготкондугун таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 89, каршы - жок, бардыгы 89 депутат добуш берди, 89 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Бишкек шаарында 2018-жылдын 28-декабрында кол коюлган, “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көлгө куйган сууларды башкаруу” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2018-жылдын 28-декабрында кол коюлган, “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көлгө куйган сууларды башкаруу” долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 89, каршы - жок, бардыгы 89 депутат добуш берди, 89 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-июнундагы №3109-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 89, каршы - жок, бардыгы 89 депутат добуш берди, 89 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынды).

 

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төрага                                                                                                              Д.Джумабеков

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 2