Протокол № 69 19.06.2019-жыл

10-10-2019 17:30

    69

 

                                                                                                                                         

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН V СЕССИЯСЫ

 

(2018-2019-жылдар)

 

 

2019-жылдын 19-июну                                                            9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                                      Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

                                                                                         Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, К.Ш.Баймуратов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ж.К.Турускуловго берилген), Д.Д.Бекешев, А.У.Жапаров (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Т.Сулаймановго берилген), Д.Ш.Исаева (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Т.Абжалиевге берилген), А.Ш.Осмонова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Ш. Жээнбековго берилген),.

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн эксперти А.А.Айылчиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары А.А.Абытов.

 

83 депутат катталды.

      

       1. 2019-жылдын 19-июнуна жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 81, каршы - жок, бардыгы 81 депутат добуш берди, 94 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

      

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.М.Нурбаев, М.И.Бакиров.

 

Чечим кабыл алынды: - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев, У.Б.Примов, Ж.К.Акаев, Д.Д.Бекешев, М.А.Исаков, М.Б.Эгембердиев, М.И.Бакиров, А.Ш.Жээнбеков, Т.З.Зулпукаров демилгелеген “Жерди пайдалануу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун үчүнчү окууда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, А.Ш.Жээнбеков, М.А.Айнакулов, А.Ж.Акматов, А.У.Жапаров, Р.М.Туманбаева, К.С.Бокоев, Э.Т.Токтошев тарабынан демилгеленген “Аз өндүрүмдүү айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, “Жер участкаларын которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун экинчи окууда жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизүү.

 

Депутаттардын сунуштарын эске алуу менен 2019-жылдын 19-жиюнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 85, каршы - жок, бардыгы 85 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

          Сөз сүйлөдү: төарагалык кылуучу.

         

                 2. “2018-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө

          Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу” маселени кароо . (Уландысы)

      

       Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А.Мариповдун сөзү.

 

       Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.С.Токторов, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А.Марипов, депутаттар А.А.Арапбаев, Б.Ж.Субанбеков.

          Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

3. Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси – Кыргыз Республикасынын министри С.А.Кылжыевдин, Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Т.Муканбетовдун, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Э.У.Чодуевдин, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Д.Д.Догоевдин ант берүүсү.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун сөзү.

 

       Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

       Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

      

                 “2018-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу” маселени кароону улантуу.

      

       Сөз сүйлөдү: депутат Б.Ж.Субанбеков, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А.Марипов, депутат М.Э.Сабиров.

      

       “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө депутат М.Э.Сабировдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 69, каршы - жок, бардыгы 69 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

           

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө сунуш боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 67, каршы - 1, бардыгы 68 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

            Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат П.Р.Тулендыбаев, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А.Марипов, депутаттар А.Ж.Исмаилова, Т.З.Зулпукаров, А.Ж.Акматов, төрагалык кылуучу, У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору А.Т.Байгазаков, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору В.А.Садовников, депутаттар М.Э.Мавлянова, М.И.Бакиров.

       Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

       15 мүнөттүн тыныгуу жарыяланды.

      

                                          11 саат 20 мүнөт

      

       Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

      

       90 депутат катталды.

      

                 “2018-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу” маселени кароо улантылды.

      

       Сөз сүйлөдү: депутат Ж.К.Турускулов, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А.Марипов, депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуронунун орун басары Н.К.Дюшембиев.

          Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

       Сөз сүйлөдү: депутат Б.И.Сулейманов, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А.Марипов, депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору З.А.Сатаев, депутаттар И.Ю.Карамушкина, Б.С.Турусбеков, К.С.Нурматов, А.Алтынбеков, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору З.С.Жоошбеков, депутаттар З.Э.Шарапов, Жунус уулу Алтынбек, А.А.Турсунбаев, Т.А.Масабиров, Э.С.Тагаев.

      

       Каралып жаткан маселени талкуулоо.

      

       Сөз сүйлөдү: депутаттар Э.Т.Токтошев, Т.З.Зулпукаров.

      

       Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

      

       Сөз сүйлөдү: депутат Б.Ж.Субанбеков.

          Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

       Сөз сүйлөдү: депутат Б.С.Турусбеков.

      

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары А.А.Абытов.

      

Каралып жаткан маселе жана “2018-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А.Марипов.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 25-декабрындагы №633 токтом) “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 16-апрелиндеги №210 токтом) “Мамлекеттик - жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

 

                                                        14 саат 5 мүнөт

 

       Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

       67 депутат катталды.

      

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 28-февралындагы №95 токтом) “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

      

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.С.Токторовдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын
13-октябрындагы №667 токтом) “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын айрым калктуу пункттарын айыл (село) категориясына өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.Керезбековдун сөзү.

Сөз сүйлөдү: депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Б.У.Салиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.Керезбековдун сөзү.

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын
26-декабрындагы №637 токтом) “Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас областтарынын айрым калктуу пункттарын айыл (село) категориясына өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.Керезбековдун сөзү.

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун экинчи  окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

       9. “2018-жылга Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу” маселени кароо.

      

       Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

      

       Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы Ж.Ж.Жекшеевдин сөзү.

      

       Сөз сүйлөдү: депутат К.Жолдошбаев, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо кеңешинин төрагасы Ж.Ж.Жекшеев, депутаттар И.Ю.Карамушкина, А.К.Дюшалиев, төрагалык кылуучу, депутаттар А.А.Аскаров, А.Ж.Акматов.

          Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат А.Ж.Акматовдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 62, каршы - 2, бардыгы 64 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

       Чечим кабыл алынды.

      

       Сөз сүйлөдү: депутат М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы Ж.Ж.Жекшеев, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору Жайнак Усен уулу, депутат У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөсү А.Карымов, депутаттар Б.И.Сулейманов, Б.С.Турусбеков, А.Т.Алтыбаева, К.Жолдошбаев, М.К.Жеенчороев, төрагалык кылуучу.

      

      

       10. 2019-жылдын 13-июнунда каралган Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоору жана 2019-жылдын 19-июнунда каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

      

       105 депутат катталган.

      

       “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 104, каршы - 1, бардыгы 105 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

       Чечим кабыл алынды (конституциялык Мыйзам долбоору экинчи окууда негиз катары кабыл алынды).

      

       Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

      

       “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбооруна депутаттар М.К.Жеенчороев жана Ж.К.Турускуловдун жазуу жүзүндөгү сунуштары боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 57, каршы - 48, бардыгы 105 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

       Чечим кабыл алынган жок.

      

       “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбооруна депутат А.Т.Алтыбаеванын жазуу жүзүндөгү сунуштары боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 15, каршы - 86, бардыгы 101 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

       Добуш берүү жараксыз деп табылды.

      

       “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбооруна депутат А.Т.Алтыбаеванын жазуу жүзүндөгү сунуштары боюнча кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 10, каршы - 95, бардыгы 105 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

       Чечим кабыл алынган жок.

      

       “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 102, каршы - 3, бардыгы 105 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

       Чечим кабыл алынды (конституциялык Мыйзам долбоору экинчи окууда толук кабыл алынды).

      

       Сөз сүйлөдү: депутат Ж.К.Акаев.

      

       “2018-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 98, каршы - 7, бардыгы 105 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

       Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

      

       “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 105, каршы - жок, бардыгы 105 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

       Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору кабыл алынды).

      

       “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 105, каршы - жок, бардыгы 105 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

       Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

      

       “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 105, каршы - жок, бардыгы 105 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

       Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

      

“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын айрым калктуу пункттарын айыл (село) категориясына өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 105, каршы - жок, бардыгы 105 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

       Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас областтарынын айрым калктуу пункттарын айыл (село) категориясына өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 104, каршы - жок, бардыгы 104 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

       Добуш берүү жараксыз деп табылды.

      

“Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас областтарынын айрым калктуу пункттарын айыл (село) категориясына өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 105, каршы - жок, бардыгы 105 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

      

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

“2018-жылга Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу” маселени кароо улантылды.

 

       Сөз сүйлөдү: депутат Т.У.Шайназаров, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору Жайнак Усен уулу, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы Ж.Ж.Жекшеев, депутат Б.Ж.Субанбеков, төрагалык кылуучу.

      

Жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 47, каршы - 6, бардыгы 53 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

      

Жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө төрагалык кылуучунун сунушу боюнча кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 51, каршы - 4, бардыгы 55 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

       Чечим кабыл алынган жок.

      

       15 мүнөттүн тыныгуу жарыяланды.

      

      

                                                      16 саат 20 мүнөт

      

      

       Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

      

       66 дептутат катталды.

      

“2018-жылга Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу” маселени кароо улантылды.

 

       Сөз сүйлөдү: депутаттар Ж.К.Акаев, А..Нурбаев, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору Жайнак Усен уулу,

       Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

       Сөз сүйлөдү: депутат Т.Г.Тиллаев, төрагалык кылуучу.

      

                 “2018-жылга Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбооун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

                

                 “2018-жылга Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбооун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 54, каршы - 1, бардыгы 55 депутат добуш берди, 86 депутат катталган.

       Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

      

       11. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев, У.Б.Примов, Ж.К.Акаев, Д.Д.Бекешев, М.А.Исаков, М.Б.Эгембердиев, М.И.Бакиров, А.Ш.Жеенбеков, Т.З.Зулпукаров демилгелеген “Жерди пайдалануу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

      

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Ж.Акматовдун сөзү.

      

       Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

      

       12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, А.Ш.Жээнбеков, М.А.Айнакулов, А.Ж.Акматов, А.У.Жапаров, Р.М.Туманбаева, К.С.Бокоев, Э.Т.Токтошев тарабынан демилгеленген “Аз өндүрүмдүү айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, “Жер участкаларын которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо

      

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Ж.Акматовдун сөзү.

      

       Сөз сүйлөдү: депутаттар И.Ю.Карамушкина, демилгечилердин бири – М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары М.К.Есеналиев, депутаттар К.Дж.Рыспаев, А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев.

      

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат А.Ж.Акматовдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 31, каршы - 3, бардыгы 34 депутат добуш берди, 85 депутат катталган.

          Чечим кабыл алынган жок.

         

          Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Т.Алтыбаева, демилгечилердин бири – М.И.Бакиров, И.Ю.Кармушкина, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо департаментинин директору А.Т.Маматов, депутаттар А.А.Карашев, А.Ж.Акматов.

         

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Ж.Акматовдун сөзү.

         

       Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

      

       13. “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

         

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.Керезбековдун сөзү.

 

       Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төрага                                                                                                              Д.Джумабеков

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 1