2019-жылдын 10-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

10-10-2019 17:04

2019-жылдын 9-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.12.18деги № 667 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Ормонов У.З., Мавлянова М.Э., Жунус уулу Алтынбек, Эргешов А.М., Аманкулов М.А., Момбеков Р.Ч., Алимбеков Н.К., Аттокуров Д.Б., Баймуратов К.Ш., Джураев С.М., Жумалиев К.М., Жунус уулу Адыл, Конушбаев Т.К., Сыдыков Б.У., Тотонов Н.Т., Исаев Ж.Б., Маматалиев М.А., Бакчиев Ж.А.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жазык кодексине, Жоруктар жөнүндө кодекске, Бузуулар жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Турускулов Ж.К., Турусбеков Б.С.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

2019-жылдын 10-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

4. “2018-жылы 24-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.03.19дагы № 123 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. “2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 28.06.19дагы № 322 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  (демилгечилер – депутаттар Сулайманов А.Т., Шыкмаматов А.Н., Керезбеков К.К., Абдылдаев М.Ю., Турусбеков Б.С., Бекешев Д.Д., Жунус уулу Алтынбек) (Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык Конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.06.19дагы № 329 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

8. “2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 28.06.19дагы № 332 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 94