2019-жылдын 3-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

04-10-2019 09:06

2019-жылдын 2-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 19.11.18деги № 539 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Төлөнов Д.Э., Масабиров Т.А., Асылбаева Г.К., Примов У.Б., Тиллаев Т.Г., Турусбеков Б.С., Гайпкулов И.Т., Рыспаев К.Ж., Бакиров М.И.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

2019-жылдын 3-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

3. “Марракеш шаарында 2019-жылдын 6-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (өнүктүрүү максатында Ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы “Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.07.19дагы № 359 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

4. “2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган “Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)” долбооруна Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 31.07.19дагы № 388 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

5. “Бишкек шаарында 2018-жылдын 21-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2018-жылдын 21-декабрында кол коюлган, “Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору үчүн Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгынын атынан Швейцария Конфедерациясынын инвестициялык гранты боюнча Кыргыз Республикасынын жана Каракол шаарынын “Суу каналы” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.06.19дагы № 272 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)



Көрүүлөрдүн саны : 185