2019-жылдын 12-сентябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору

12-09-2019 17:09

 

 

1. “Вильнюс шаарында 2018-жылдын 21-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.05.19дагы № 220 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “2018-жылы 24-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.03.19дагы № 123 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык Конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.06.19дагы № 329 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

4. “Кыргыз Республикасындагы өзгөчө экономикалык аймактар жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Мавлянова М.Э., Айдаров С.А., Джумабеков Д.А., Осмонова А.Ш., Туманбаева Р.М., Примов У.Б., Тиллаев Т.Г., Жунус уулу Алтынбек, Нурбаев А.М., Турускулов Ж.К., Жамалдинов З.И., Токтошев Э.Т.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

5. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Салык кодексине, Жер кодексине, Токой кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Мавлянова М.Э., Айдаров С.А., Джумабеков Д.А., Осмонова А.Ш., Туманбаева Р.М., Примов У.Б., Тиллаев Т.Г., Жунус уулу Алтынбек, Нурбаев А.М., Турускулов Ж.К., Жамалдинов З.И., Токтошев Э.Т.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)



Көрүүлөрдүн саны : 268