2019-жылдын 26-июнундагы № 3158 -VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

26-06-2019 09:37

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-июнундагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Электр энергетикасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо” долбооруна Европа Союзу тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“2019-жылдын 24-майында Бишкек шаарында кол коюлган 2017-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын жаныбарлар дүйнөсүн коргоонун абалы жөнүндө, “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө”, “Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө”, “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышы тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету тууралуу;

“2018-жылдын 6-декабрындагы “Датка-Кемин” 500 кВ электр өткөргүч линиясын жана “Кемин” 500 кВ көмөкчү чордонун куруу” жана “Кыргызстандын түштүгүндө электр өткөргүчтөр линияларын модернизациялоо” долбоорлорун ишке ашырууга багытталган кредиттик каражаттардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 2753-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 9-мартындагы № 1407-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты тууралуу;

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жөнүндө;

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 31-июлундагы “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза” долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө № 4 макулдашууга
№ 1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 15-майындагы № 3050-VI токтому менен түзүлгөн “КТ Мобайл” ЖЧКнын ишине байланыштуу маселелерди иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын корутундусу жөнүндө;

“Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-июнундагы № 3146-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты тууралуу;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Т. Зулушевдин жана Бишкек шаардык сотунун экс-судьясы М.А. Сатыевдин кайрылуусу жөнүндө.

Төрага                                                                                 Д.А. Джумабеков

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 220