2019-жылдын 27-июнундагы № 3216 -VI “Курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

27-06-2019 18:31

“Курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.К. Конушбаев, Р.Н. Чойбеков, У.Т. Кыдыралиев, Н.К. Алимбеков,Н.Т. Тотонов, К.Ш. Баймуратов, У.З. Ормонов жана А.Т. Жутанов демилгелеген “Курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

Төрага                                                                                 Д.А. Джумабеков



Көрүүлөрдүн саны : 251