2019-жылдын 27-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

28-06-2019 12:10

 

2019-жылдын 27-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 25.12.18деги № 625 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “2018-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.04.19дагы № 197 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттар менен) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 – Кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 – Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 29.03.19дагы № 151 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бакиров М.И., Жапаров А.Ү., Исаев К.К., Масабиров Т.А., Алтыбаева А.Т., Зулпукаров Т.З., Райымкулов Б.К., Жээнбеков А.Ш.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Эргешов А.М., Алимбеков Н.К., Кулбараков А.И., Кыдыралиев У.Т., Самаев У.О., Примов У.Б., Токторов А.С., Икрамов Т.И., Мамытов Т.Т., Жоробеков Т.У., Торокулов Д.Г., Нурбаев А.М., Исмаилова А.Ж., Райымкулов Б.К., Алтыбаева А.Т., Рыспаев К.Ж., Тиллаев Т.Г., Турусбеков Б.С., Касымалиева А.К., Омуркулов И.Ш., Баатырбеков А.Б., Мавлянова М.Э., Алтынбеков А., Бакиров О.М., Турускулов Ж.К.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

6. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Эргешов А.М., Алимбеков Н.К., Кулбараков А.И., Кыдыралиев У.Т., Самаев У.О., Примов У.Б., Токторов А.С., Икрамов Т.И., Мамытов Т.Т., Жоробеков Т.У., Торокулов Д.Г., Нурбаев А.М., Исмаилова А.Ж., Райымкулов Б.К., Алтыбаева А.Т., Рыспаев К.Ж., Тиллаев Т.Г., Турусбеков Б.С., Касымалиева А.К., Омуркулов И.Ш., Баатырбеков А.Б., Мавлянова М.Э., Алтынбеков А., Бакиров О.М., Турускулов Ж.К.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору  (демилгечилер – депутаттар Эргешов А.М., Алимбеков Н.К., Кулбараков А.И., Кыдыралиев У.Т., Самаев У.О., Примов У.Б., Токторов А.С., Икрамов Т.И., Мамытов Т.Т., Жоробеков Т.У., Торокулов Д.Г., Нурбаев А.М., Исмаилова А.Ж., Райымкулов Б.К., Алтыбаева А.Т., Рыспаев К.Ж., Тиллаев Т.Г., Турусбеков Б.С., Касымалиева А.К., Омуркулов И.Ш., Баатырбеков А.Б., Мавлянова М.Э., Алтынбеков А., Бакиров О.М., Турускулов Ж.К.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

8. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Эргешов А.М., Алимбеков Н.К., Кулбараков А.И., Кыдыралиев У.Т., Самаев У.О., Примов У.Б., Токторов А.С., Икрамов Т.И., Мамытов Т.Т., Жоробеков Т.У., Торокулов Д.Г., Нурбаев А.М., Исмаилова А.Ж., Райымкулов Б.К., Алтыбаева А.Т., Рыспаев К.Ж., Тиллаев Т.Г., Турусбеков Б.С., Касымалиева А.К., Омуркулов И.Ш., Баатырбеков А.Б., Мавлянова М.Э., Алтынбеков А., Бакиров О.М., Турускулов Ж.К.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

9. “2015-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды өткөрүү жана озонду бузуучу заттарды эсепке алуу жөнүндө макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2016-жылдын 12-августунда Сочи шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.12.18деги № 668 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

10. “Вильнюс шаарында 2018-жылдын 21-ноябрында кол кюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.05.19дагы № 220 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

11. “2018-жылы 24-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 15.03.19дагы № 123 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

12. “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Сулайманов А.Т., Шыкмаматов А.Н., Керезбеков К.К., Абдылдаев М.Ю., Турусбеков Б.С., Бекешев Д.Д., Жунус уулу Алтынбек) (Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

13.1. “Бишкек шаарында 2018-жылдын 28-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2018-жылдын 28-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.05.19дагы № 228 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими экинчи окууда кабыл алынсын) (бардык фракциялардын чечимдери бар)

 

13.2. “Бишкек шаарында 2018-жылдын 28-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2018-жылдын 28-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.05.19дагы № 228 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими үчүнчү окууда кабыл алынсын) (бардык фракциялардын чечимдери бар)

 

14.1. “2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)” долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 12.06.19дагы № 291 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, бардык фракциялардын оң чечимдери болгондо – үч окууда кабыл алынсын; Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

14.2. “2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)” долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 12.06.19дагы № 291 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын, бардык фракциялардын оң чечимдери болгондо – үч окууда кабыл алынсын; Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

14.3. “2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)” долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 12.06.19дагы № 291 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын, бардык фракциялардын оң чечимдери болгондо – үч окууда кабыл алынсын; Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

15. “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Мамытов Т.Т.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – четке кагылсын)

 

16. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 11-апрелиндеги № 3004-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын макулдашылган варианты (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Байбакпаев Э.Ж., Турсунбаев А.А., Пирматов И.А., Маматов А., Калмаматов Ж.А., Турускулов Ж.К., Султанов А.М., Тулендыбаев П.Р., Асылбаева Г.К., Жеенчороев М.К., Рыспаев К.Ж., Жутанов А.Т., Исаков М.А., Чудинов И.В., Нишанов Н.Н., Кыдыралиев У.Т., Кулбараков А.И., Исаева Д.Ш., Бекешев Д.Д., Сарсейитов И.З., Ибраимжанов Б.С.) (Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынсын)

 

17. “Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамга, Турак жай кодексине, Жер кодексине) (демилгечилер – депутаттар Конушбаев Т.К., Чойбеков Р.Н., Кыдыралиев У.Т., Алимбеков Н.К., Тотонов Н.Т., Баймуратов К.Ш., Ормонов У.З., Жутанов А.Т.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – Жогорку Кеңештин жыйынынын кароосуна киргизилсин)

 



Көрүүлөрдүн саны : 434