2019-жылдын 20-июнундагы № 3143-VI Мамлекеттик бюджеттин резервинен каражаттарды бөлүү жөнүндө

20-06-2019 18:13

Мамлекеттик бюджеттин резервинен каражаттарды бөлүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 23-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиркемеде көрсөтүлгөн объектилерде биринчи кезектеги кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн 35 147 200 сом суммасында (отуз беш миллион бир жүз кырк жети миң эки жүз) каражаттарды бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушуна макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мамлекеттик бюджеттик резервден 35 147 200 сом суммасында (отуз беш миллион бир жүз кырк жети миң эки жүз) бөлүнүүчү каражаттарды “Кыргыз Республикасынын
2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдө карасын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                        М.И. Бакиров

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 190