2019-жылдын 20-июнундагы № 3141-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясын шайлоо жөнүндө

20-06-2019 15:43

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясын шайлоо жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерге сунуштаманы карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин
4-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Дүйшеев Карыбек Арстанбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна 7 жылдык мөөнөт менен шайлансын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялоого жатат.

 

 

 

Төрага                                                                                 Д.А. Джумабеков

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 198