2019-жылдын 20-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

21-06-2019 10:07

2019-жылдын 19-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Жерди пайдалануу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Примов У.Б., Акаев Ж.К., Бекешев Д.Д., Исаков М.А., Эгембердиев М.Б., Бакиров М.И., Жээнбеков А.Ш, Зулпукаров Т.З.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бакиров М.И., Жээнбеков А.Ш., Айнакулов М.А., Акматов А.Ж., Жапаров А.Ү., Туманбаева Р.М., Бокоев К.С., Токтошев Э.Т.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Сабиров М.Э.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)

 

2019-жылдын 20-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

4. “Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.04.19дагы № 176 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 25.06.18деги № 300 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

6. “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Мавлянова М.Э., Примов У.Б., Нурматов К.С., Молдобекова Г.С., Тиллаев Т.Г., Бакиров М.И., Нышанов С.К., Назаров А.К., Айдаров С.А.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

7. “Бишкек шаарында 2018-жылдын 1-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагында кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 06.03.19дагы № 107 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

8. “Ашхабад шаарында 2018-жылдын 23-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 06.03.19дагы № 108 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

 

9. “2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.04.19дагы № 190 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

 

10. “2018-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.04.19дагы № 197 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

11. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Мамашова А.Т., Гайпкулов И.Т., Шыкмаматов А.Н., Иманалиев К.К., Маматов А., Никитенко Н.В., Нышанов С.К., Самат Г.К., Сулейманов Б.И., Токтошев Э.Т.,Шер-Нияз С.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

12. “Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.04.19дагы № 184 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

13. “Бишкек шаарында 2018-жылдын 28-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2018-жылдын 28-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.05.19дагы № 228 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

14. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-июнундагы № 3109-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын макулдашылган варианты (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Маматалиев М.А., Дюшалиев А.К. жана Бакиров М.И., Алтынбеков А., Узакбаев А.О., Жунус уулу Алтынбек) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынсын)

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 412