2019-жылдын 19-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

21-06-2019 09:31

2019-жылдын 13-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген конституциялык мыйзамдын долбоору:

 

 

1. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Эргешов А.М., Алимбеков Н.К., Кулбараков А.И., Кыдыралиев У.Т., Самаев У.О., Примов У.Б., Токторов А.С., Икрамов Т.И., Мамытов Т.Т., Жоробеков Т.У., Торокулов Д.Г., Нурбаев А.М., Исмаилова А.Ж., Райымкулов Б.К., Алтыбаева А.Т., Рыспаев К.Ж., Тиллаев Т.Г., Турусбеков Б.С., Касымалиева А.К., Омуркулов И.Ш., Баатырбеков А.Б., Мавлянова М.Э., Алтынбеков А., Бакиров О.М., Турускулов Ж.К.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

2019-жылдын 19-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

2. “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)

 

3. “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 25.12.18деги № 633 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.04.18деги № 210 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 28.02.19дагы № 95 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

6 “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.10.17деги № 667 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.12.18деги № 637 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 249