2019-жылдын 13-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

14-06-2019 11:23

2019-жылдын 12-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоору:

 

 

1. “Жерди пайдалануу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Примов У.Б., Акаев Ж.К., Бекешев Д.Д., Исаков М.А., Эгембердиев М.Б., Бакиров М.И., Жээнбеков А.Ш, Зулпукаров Т.З.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

2019-жылдын 13-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

2.Медетов Ишенбек Бектурсуновичти Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторунун кызмат ордунан бошотуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)

 

3. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Мамашова А.Т., Гайпкулов И.Т., Шыкмаматов А.Н., Иманалиев К.К., Маматов А., .Никитенко Н.В., Нышанов С.К., Самат Г.К., Сулейманов Б.И., Токтошев Э.Т., Шер-Нияз С.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.04.19дагы № 184 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

5. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.04.19дагы № 185 токтом) (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 05.03.19дагы № 103 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 25.12.18деги № 625 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

                                                                               

8. “2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттар менен) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 – Кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 – Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.03.19дагы № 151 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

9. “Вильнюс шаарында 2018-жылдын 21-ноябрында кол кюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.05.19дагы № 220 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)


10. “2018-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.04.19дагы № 197 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

11. “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Турусбеков Б.С., Тулендыбаев П.Р., Матраимов И.И.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

12. “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Төлөнов Д.Э., Масабиров Т.А., Асылбаева Г.К., Примов У.Б., Тиллаев Т.Г., Турусбеков Б.С., Гайпкулов И.Т., Рыспаев К.Ж., Бакиров М.И.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

13. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Эргешов А.М., Алимбеков Н.К., Кулбараков А.И., Кыдыралиев У.Т., Самаев У.О., Примов У.Б., Токторов А.С., Икрамов Т.И., Мамытов Т.Т., Жоробеков Т.У., Торокулов Д.Г., Нурбаев А.М., Исмаилова А.Ж., Райымкулов Б.К., Алтыбаева А.Т., Рыспаев К.Ж., Тиллаев Т.Г., Турусбеков Б.С., Касымалиева А.К., Омуркулов И.Ш., Баатырбеков А.Б., Мавлянова М.Э., Алтынбеков А., Бакиров О.М., Турускулов Ж.К.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

14. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Эргешов А.М., Алимбеков Н.К., Кулбараков А.И., Кыдыралиев У.Т., Самаев У.О., Примов У.Б., Токторов А.С., Икрамов Т.И., Мамытов Т.Т., Жоробеков Т.У., Торокулов Д.Г., Нурбаев А.М., Исмаилова А.Ж., Райымкулов Б.К., Алтыбаева А.Т., Рыспаев К.Ж., Тиллаев Т.Г., Турусбеков Б.С., Касымалиева А.К., Омуркулов И.Ш., Баатырбеков А.Б., Мавлянова М.Э., Алтынбеков А., Бакиров О.М., Турускулов Ж.К.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

15. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Эргешов А.М., Алимбеков Н.К., Кулбараков А.И., Кыдыралиев У.Т., Самаев У.О., Примов У.Б., Токторов А.С., Икрамов Т.И., Мамытов Т.Т., Жоробеков Т.У., Торокулов Д.Г., Нурбаев А.М., Исмаилова А.Ж., Райымкулов Б.К., Алтыбаева А.Т., Рыспаев К.Ж., Тиллаев Т.Г., Турусбеков Б.С., Касымалиева А.К., Омуркулов И.Ш., Баатырбеков А.Б., Мавлянова М.Э., Алтынбеков А., Бакиров О.М., Турускулов Ж.К.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 398