2019-жылдын 12-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

14-06-2019 11:07

 

2019-жылдын 12-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

 

1. “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.04.18деги № 213 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Күрөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.12.18деги № 638 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Жапаров А.Ү., Турусбеков Б.С., Исаев Ж.Б., Бакчиев Дж.А., Тагаев Э.С., Карашев А.А., Жетигенов Б.Ж.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 25.06.18деги № 300 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.12.18деги № 667 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)



Көрүүлөрдүн саны : 228