2019-жылдын 30- майындагы № 3091-VI “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

30-05-2019 17:12

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  т о к т о м  к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М. Бакиров, А. Жапаров, К. Исаев, Т. Масабиров, А. Алтыбаева, Т. Зулпукаров, Б. Райымкулов жана А. Жээнбеков демилгелеген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

Төрага                                                                                      Д.А. Джумабеков

 



Көрүүлөрдүн саны : 48