2019-жылдын 30-майында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

30-05-2019 17:36

 

 

1. “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.02.19дагы № 78 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Рыспаев К.Ж., Турсунбаев А.А., Кыдыралиев У.Т., Байбакпаев Э.Ж., Маматов А., Келдибаев С.А., Каримов Н.Т., Турускулов Ж.К., Жутанов А.Т., Кулбараков А.И., Султанов А.М., Турусбеков Б.С., Джураев С.М., Масабиров Т.А.) (Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Зулпукаров Т.З., Зулушев К.Т.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бакиров М.И., Жапаров А.Ү., Исаев К.К., Масабиров Т.А., Алтыбаева А.Т., Зулпукаров Т.З., Райымкулов Б.К., Жээнбеков А.Ш.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бакиров М.И., Нурматов К.С., Токтошев Э.Т.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 14.09.17деги № 576 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 10.12.18деги № 577 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

8. “Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.04.19дагы № 176 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

9. “Бишкек шаарында 2018-жылдын 1-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагында кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 06.03.19дагы № 107 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

10. “Ашхабад шаарында 2018-жылдын 23-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 06.03.19дагы № 108 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

11. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Мусабекова Ж.А., Сыдыков Б.Ү., Осмонова А.Ш.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

12. “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору  (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Икрамов Т.И., Молдобекова Г.С., Айдаров С.А., Бекешев Д.Д., Сыдыков Б.У., Субанбеков Б.Ж., Примов У.Б., Исаева Д.Ш., Мусабекова Ж.А., Абжалиев А.Т.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 173