2019-жылдын 25-апрелиндеги № 3024-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчёту тууралуу

25-04-2019 17:25

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчёту тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин
6-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д. Абылгазиевдин отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчёту канааттандыраарлык деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин чечимдеринде көрсөтүлгөн маселелерге өзгөчө көңүл бурсун жана аларды чечүү боюнча конкреттүү чараларды көрсүн.

3. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин:

-2019-2025-жылдарга карата Фискалдык реформалардын концепциясын (мөөнөтү - 2019-жылдын июну);

-Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуулар
боюнча республикалык бюджеттин чыгашаларынын беренелерин
кошумча наркка багыттоо аркылуу импорт алмаштыруучу программаны (мөөнөтү - 2019-жылдын июну);

-эмгек акыны, пенсияларды, жөлөк пулдарды жогорулатуу, экономиканын туруктуу өсүүсүнүн жана тышкы карызды туруктуу тейлөөнүн бирдей милдеттерин чечүү үчүн экспортту көбөйтүү жана жаңы жумушчу орундарын түзүү үчүн инновациялык жана санариптик технологиялардын базасында өлкөнүн экономикасынын туруктуу өсүшүнө багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын, түзүмүн, курамын (мөөнөтү - 2019-жылдын ноябры).

4. Ушул токтомду аткаруу боюнча бүткөрүлгөн иштердин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2019-жылдын 1-декабрына карата маалымат берсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтому менен бекитилген тейлөө маселелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттерине жүктөлсүн.

6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага                                                                                 Д.А. Джумабеков



Көрүүлөрдүн саны : 265