2019-жылдын 16-майында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

16-05-2019 15:45

 

1. “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жѳнүндѳ” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.02.18деги № 93 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 10.05.18деги № 229 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – четке кагылсын)

 

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.01.19дагы № 32 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

4. “Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.04.19дагы № 176 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Рыспаев К.Ж., Турсунбаев А.А., Кыдыралиев У.Т., Байбакпаев Э.Ж., Маматов А., Келдибаев С.А., Каримов Н.Т., Турускулов Ж.К., Жутанов А.Т., Кулбараков А.И., Султанов А.М., Турусбеков Б.С., Джураев С.М., Масабиров Т.А.) (Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2021 – 2022-жылдарга божомолу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 533