2019-жылдын 2- майындагы № 3027-VI Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө

02-05-2019 17:22

Кыргыз Республикасынын калкынын  радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А. Бороновдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле  айлана-чөйрөнү иондоочуу нурлануунун булактарынын  зыяндуу таасиринен  коргоо жөнүндөгү  кабыл алынып жаткан чаралары жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши төмөнкүлөрдү белгилейт.

Радиациялык коопсуздук инсандын, коомдун жана мамлекеттин  коопсуздугунун негизги бөлүгү болуп саналат.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул жааттагы негизги милдеттеринин бири  адамдардын учурдагы жана келечектеги муундарын жана айлана-чөйрөнү  иондоштуруучу нурлануунун зыяндуу таасиринен коргоо болуп саналат, ал коргоо укуктук, уюштуруучулук, инженердик-техникалык, санитардык-гигиеналык, медициналык, тарбиялоочулук жана билим берүүчүлүк мүнөздөгү  чаралар топтомун ишке ашыруунун эсебинен камсыздалат.

Коюлган милдеттерди ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө», «Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө», «Жер казынасы жөнүндө», «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Экологиялык экспертиза жөнүндө», «Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө», «Жарандык коргонуу жөнүндө», «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө», «Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө»,  «Атом энергиясы боюнча эл аралык агентствонун Уставын (Нью-Йорк, 1956-жылдын 26-октябры) ратификациялоо жөнүндө», «Вена шаарында 1997-жылдын 5-сентябрында кол коюлган иштелип бүткөн отунду колдонуунун  коопсуздугу жөнүндө жана радиоактивдүү  калдыктарды колдонуунун коопсуздугу тууралу бириккен Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле «Радиациялык коопсуздуктун ченемдери (РКЧ-99), «Радиоактивдүү  калдыктарды  башкарууга тиешелүү санитардык эрежелер (SPORO-2002), «Радиоактивдүү кендерди  казып алуу жана иштетүү боюнча  ишканаларды жоюунун, консервациялоонун жана кайра профилдештирүүнүн санитардык эрежелери» (ЖКП СЭ-91), «Радиациялык коопсуздук жөнүндө» техникалык регламент,  «Радиоактивдүү материалдарды (заттарды) ташууда  персоналдын жана калктын радиациялык коопсуздугу боюнча санитардык эрежелер» ченемдик техникалык актыларга  ылайык жүзөгө ашырылып келе жатат.

Кыргыз Республикасы  2003-жылдын сентябрында Атом энергиясы боюнча Эл аралык агенттиктин  (мындан ары - АТЭЭА) толук укуктуу мүчөсү болгон.  2006-жылдын мартынан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги  Кыргыз Республикасынын  АТЭЭА менен техникалык кызматташуу жана радиациялык  коопсуздук  жаатындагы мамилелерди жөнгө салуу боюнча аткаруу органы болуп саналат, ал адекваттуу мыйзам чыгаруу негиздерин камсыз кылуу боюнча  иштин зарылдыгын карайт,  себеби радиоактивдүү калдыктарды көмгөн жерлерди рекультивациялоого жана реабилитациялоого тиешелүү документтердин көпчүлүгү дагы эле жеткиликтүү иштелип чыга элек. 

Андан сырткары радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы жогоруда саналып өткөн  ченемдик укуктук жана ченемдик техникалык база  азыркы учурда толуктап иштеп чыгууну жана өнүктүрүүнү талап кылат.

Республикада болгон жөнгө салуунун институционалдык системасы радиациялык коопсуздук жаатындагы  чараларды натыйжалуу жана координацияланган пландоону, башкарууну жана ишке ашырууну  камсыз кылбайт, ал  алсыз координацияны, кайталоону жаратып, процесстин ар бир катышуучусунун жоопкерчилигин төмөндөтөт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин  Кыргыз Республикасынын АТЭЭА менен  техникалык кызматташуу жана радиациялык коопсуздук жаатындагы мамилелерди жөнгө салуу боюнча негизги ролун белгилей кетүү керек.

Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар жана  радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чаралар тууралуу маалыматтын элде жоктугу коомдо терс пикирдин жаралышына, Кызыл-Омполдогу  кен жатагында «ЮрАзия Кыргызстанда» ЖЧКсынын  уран кенине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө митингдердин жана каршылык көрсөтүүлөрдүн келип чыгышына алып келди.  Аны иштетүүдө Ысык-Көл областынын экосистемасына экологиялык жана социалдык-экономикалык терс кесепеттери болгон булгануу тобокелдиги пайда болмок.

 

 Жогоруда баяндалгандардын негизинде, калктын саламаттыгынын коопсуздугун камсыз кылуу, Кыргызстандын  айлана-чөйрөсүн  коргоо максатында  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши т о к т о м   к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А. Бороновдун  Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө маалыматы эске алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

- рекультивацияга жаткан калдык сактагычтарды жана кен калдыктарын кошпогондо, радиоактивдүү элементтери (уран) болгон кен жатактарын геологиялык чалгындоого  жана иштетүүгө тыюу киргизсин;

- радиоактивдүү элементтерди (уранды) камтыган кен жатактарын чалгындоо, издөө, иштетүү боюнча бардык лицензиаттардын ишин радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарга туура келишине текшерүүнү жүргүзсүн;

- эки ай мөөнөтүндө иондоштуруучу нурлануу булактарына инвентаризация жүргүзсүн;

- Майлуу-Суу, Кажы-Сай, Шекафтар уран калдык сактагычтарын рекультивациялоону бүтүрсүн;

- сейрек кездешүүчү жана баалуу металлдар боюнча, ошондой эле уран жана алтын боюнча  өзүнчө 1990-жылдан 2018-жылга чейин берилген лицензиялар жөнүндө так маалыматты берсин;

Ысык-Көл областынын Кызыл-Омполдогу уран кен жатагында жүргүзүлгөн геологиялык-чалгындоо ишинин кесепеттерин реабилитациялоо боюнча толук чараларды иштеп чыксын жана кабыл алсын, жана алардын ишке ашырылышына контролду камсыз кылсын;

- радиоактивдүү  калдыктар менен калдык сактагычтарды реабилитациялоо жана рекультивациялоо үчүн багытталган донордук каражаттардын колдонулушунун натыйжалуулугуна жана аткарылган иштин сапатына күчөтүлгөн контроль жүргүзсүн;

- радиоактивдүү элементтерди (уран) камтыган кен жатактарын иштетүүгө уруксат бергенге катышы бар өкмөт мүчөлөрүн жана алардын жоопкерчилигин  аныктоо  үчүн мамлекеттик комиссия түзсүн (мөөнөтү 2019-жылдын 10-июнуна чейин);

- 2019-жылдын 1-сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине бул токтомду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берсин.

 

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине радиоактивдүү элементтерди (уранды) камтыган кен жатактарын иштетүү маселелери боюнча калкка кайрылуу менен чыгуусу тапшырылсын.

 

4. Бул токтомдун аткарылышына контроль Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                         Д.А. Джумабеков

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 229