Протокол № 50 20.03.2019-жыл

26-04-2019 16:07

50

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН V СЕССИЯСЫ

 

(2018-2019-жылдар)

 

 

 

2019-жылдын  20-марты                                                                      9 саат 30 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

                                                                                 

Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, Ж.К.Акаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат У.Б.Примовго  берилген), Д.Д.Бекешев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.А.Аманкуловго берилген), К.К.Иманалиев, А.К.Касымалиева (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Ш.Осмоновага берилген), Б.Ж.Субанбеков, Э.Ж.Сурабалдиева (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Өмүркуловго берилген), Б.С.Турусбеков, Т.У.Шайназаров, С.Шер-Нияз.

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары А.А.Абытов.

 

87 депутат катталды.

           

1. 2019-жылдын 20-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -65, каршы-жок, бардыгы 65 депутат добуш берди, 92 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат Б.Э.Төрөбаев.

 

2019-жылдын 20-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун жалпысынан кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -90, каршы-жок, бардыгы 90 депутат добуш берди, 100 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Балдар жөнүндө кодекске, “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” мыйзамдарга) (2018-жылдын 6-ноябрындагы №525 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат И.Ю.Карамушкина.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2018-жылдын 12-ноябрындагы №527 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 11-январындагы №9 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “2018-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” (2019-жылдын 31-январындагы №34 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” (2018-жылдын 7-декабрындагы №572 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын экономика министри О.М.Панкратов, депутат Б.Э.Төрөбаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” (2019-жылдын 6-февралындагы №44 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (2018-жылдын 20-декабрындагы №598 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (2018-жылдын 7-июнундагы №275 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары У.Б.Примовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү:  депутат А.Т.Алтыбаева,  Кыргыз Республикасынын финансы министри Б.Ж.Жеенбаева, депутаттар А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары У.Б.Примов,  депутат У.Т.Кыдыралиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары У.Б.Примовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи  окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (2018-жылдын 30-мартындагы №171 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары У.Б.Примовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын финансы министри Б.Ж.Жеенбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары У.Б.Примов.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын финансы министри Б.Ж.Жеенбаева, депутат А.К.Назаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары У.Б.Примов, депутаттар А.А.Карашев, К.Ж.Рыспаев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндөгү депутат К.Ж.Рыспаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -58, каршы-жок, бардыгы 58 депутат добуш берди, 106 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат М.А.Маматалиев, Кыргыз Республикасынын финансы министри Б.Ж.Жеенбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары У.Б.Примов, төрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан маселе боюнча суроо-жоопту бүтүрүүнү жана мурда каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүүнү жүргүзүү тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -52, каршы-жок, бардыгы 52 депутат добуш берди, 106 депутат катталган. 

 

Каралып жаткан маселе боюнча суроо-жоопту бүтүрүүнү жана мурда каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүүнү жүргүзүү тууралуу  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -77, каршы-жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 106 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

11 саат 20 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

102 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (2018-жылдын 30-мартындагы №171 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат У.Т.Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын финансы министри Б.Ж.Жеенбаева, депутаттар У.З.Ормонов, А.Т.Алтыбаева, А.Ү.Жапаров, А.Т.Сулайманов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары У.Б.Примов, төрагалык кылуучу.

 

Экинчи окууда каралып жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (2018-жылдын 30-мартындагы №171 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жыйналыштын күн тартибинен алып салууну жана  аны экинчи окуу режиминде кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине кайтаруу тууралуу төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -78, каршы-жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 103 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Мурда каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүүнү жүргүзүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -85, каршы-жок, бардыгы 85 депутат добуш берди, 106 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

11. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө төрагалык кылуучунун сүйлөгөн сөзү.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -93, каршы-жок, бардыгы 93 депутат добуш берди, 109 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

12. 2019-жылдын 20-мартында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

111 депутат катталды.

 

“Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Балдар жөнүндө кодекске, “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” мыйзамдарга) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү  окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -108, каршы-жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Балдар жөнүндө кодекске, “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” мыйзамдарга) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү  окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -111, каршы-жок, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү  окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -111, каршы-жок, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү  окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -112, каршы-жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү  окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -113, каршы-жок, бардыгы 113 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“2018-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -113, каршы-жок, бардыгы 113 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү  окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -113, каршы-жок, бардыгы 113 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -114, каршы-жок, бардыгы 114 депутат добуш берди, 114 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -114, каршы-жок, бардыгы 114 депутат добуш берди, 114 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -114, каршы-жок, бардыгы 114 депутат добуш берди, 114 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

13. “Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын участогунда 2019-жылдын 13-мартында болуп өткөн инцидент боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар К.Б.Орозова, Т.Г.Тиллаев, И.А.Масалиев, Р.Ч.Момбеков, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаков, депутаттар А.Т.Сулайманов, Р.А.Казакбаев, А.Ү.Жапаров, А.Н.Шыкмаматов, У.Т.Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары А.А.Абытов, төрагалык кылуучу, депутаттар К.Ж.Рыспаев, И.А.Пирматов, Т.З.Зулпукаров, А.Т.Алтыбаева, М.Г.Мадеминов, З.К.Рысалиев, Т.А.Масабиров, К.Жолдошбаев, Ж.А.Мусабекова, К.Ш.Баймуратов, К.Т.Зулушев, А.С.Токторов.

 

Каралып жаткан “Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын участогунда 2019-жылдын 13-мартында болуп өткөн инцидент боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун жыйналыштын күн тартибинен алып салууну жана аны кийинки жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизүү тууралуу депутат И.А.Масалиевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -71, каршы-7, бардыгы 78 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутаттар Ж.А.Мусабекова, И.А.Масалиев.

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                                            Д. Джумабеков

 



Көрүүлөрдүн саны : 96