Протокол № 49 14.03.2019-жыл

26-04-2019 16:06

49

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН V СЕССИЯСЫ

 

(2018-2019-жылдар)

 

 

 

2019-жылдын  14-марты                                                                      9 саат 30 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

                                                                                 

Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, А.А.Карашев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Өмүркуловго берилген),  Н.В.Никитенко  (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Н.Шыкмаматовго берилген), М.Э.Сабиров.

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  К.Р.Садыков,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары А.А.Абытов.

 

77 депутат катталды.

           

1. 2019-жылдын 14-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -72, каршы-жок, бардыгы 72 депутат добуш берди, 80 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чечим кабыл алынды: “Баткен областындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын участогундагы кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө” маселени, экинчи окууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (2018-жылдын 20-декабрындагы №598 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизүү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар К.Б.Орозова, Т.Г.Тиллаев, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары А.А.Абытов.

 

2019-жылдын 14-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун чыгып сүйлөгөндөрдүн сунуштарын эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -84, каршы-жок, бардыгы 84 депутат добуш берди, 97 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

“Баткен областындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын участогундагы кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө” маселеси боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакырууну, ошондой эле ушул маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кийинки жыйналышында толук кароо жөнүндөгү депутаттар К.Б.Орозова жана Т.Г.Тиллаевдин сунуштары боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -82, каршы-жок, бардыгы 82 депутат добуш берди, 100 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

2. Ар түрдүү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Ж.А.Мусабекова, Э.Ж.Сурабалдиева, Т.З.Зулпукаров, А.Т.Алтыбаева, Т.И.Икрамов, З.И.Жамалдинов, Б.Ж.Субанбеков, Д.Д.Бекешев, Б.С.Турусбеков, М.А.Маматалиев, А.Ж.Исмаилова, М.Э.Мавлянова, Б.Э.Төрөбаев, Т.Г.Тиллаев, Р.А.Казакбаев, А.М.Эргешов, Т.У.Жоробеков, И.Ю.Карамушкина, А.Ж.Акматов, У.Б.Примов, төрагалык кылуучу, С.К.Нышанов, Э.С.Тагаев, К.Б.Орозова, Р.М.Туманбаева, К.С.Нурматов, К.Ш.Баймуратов, А.Ш.Осмонова.

 

Депутат Т.З.Зулпукаровдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат А.М.Эргешовдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

11 саат 20 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

108 депутат катталды.

 

3. “Баткен областындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын участогундагы кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө” маселени кароо.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары А.А.Абытов, депутат Т.Г.Тиллаев.

 

Жыйналыштын ишин жабык улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -75, каршы-жок, бардыгы 90 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Жыйналыш андан ары жабык улантылды.

 

16 саат 25 мүнөт

 

Жыйналыш жабык уланууда.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

82 депутат катталды.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” (2018-жылдын 30-мартындагы №175 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Экспорттук контроль жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга)  (2018-жылдын 4-октябрындагы №455 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары  Д.К.Кадыров.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

6. Депутаттар Г.К.Асылбаева жана А.М.Эргешов, А.К.Назаров, Т.А.Масабиров, Н.К.Алимбеков, Д.А.Джумабеков, С.А.Айдаров, А.Б.Баатырбеков, К.С.Нурматов, К.К.Исаев, О.А.Алыбаев, Д.Э.Төлөнов, А.А.Турсунбаев, У.О.Самаев, А.С.Токторов, Р.Н.Чойбеков, Т.К.Конушбаев, Ж.Б.Исаев тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.К.Асылбаева тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Г.К.Асылбаева-мыйзам долбоорунун демилгечиси, Б.С.Турусбеков.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” (2019-жылдын 11-февралындагы №48 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри К.С.Чолпонбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри К.С.Чолпонбаев, депутаттар Э.Ж.Сурабалдиева, П.Р.Тулендыбаев, Т.У.Жоробеков, А.Ж.Исмаилова.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -71, каршы-жок, бардыгы 71 депутат добуш берди, 102 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри К.С.Чолпонбаев.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Б.Баатырбеков, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри К.С.Чолпонбаев, депутаттар Ж.К.Акаев, Ж.А.Мусабекова, А.Т.Алтыбаева, М.Ю.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары А.А.Абытов, төрагалык кылуучу, депутаттар Б.И.Сулейманов, А.Ж.Исмаилова.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү депутат З.Э.Шараповдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү:  төрагалык кылуучу, депутаттар Т.Г.Тиллаев, А.Ж.Исмаилова, З.И.Жамалдинов, И.И.Матраимов.

 

9. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (депутаттар Д.Д.Бекешев, Э.Ж.Сурабалдиева жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтомдун долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү депутат З.Э.Шараповдун сүйлөгөн сөзү.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (депутаттар Д.Д.Бекешев, Э.Ж.Сурабалдиева жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -90, каршы-жок, бардыгы 90 депутат добуш берди, 105 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Экинчи окууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (2018-жылдын 20-декабрындагы №598 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жыйналыштын күн тартибинен алып салууну жана кийинки жыйналышка которуу тууралуу депутат З.И.Жамалдиновдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -59, каршы-16, бардыгы 75 депутат добуш берди, 105 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын ишин узартуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -66, каршы-жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 99 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

10. 2019-жылдын 14-мартында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

100 депутат катталды.

 

“Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -99, каршы-жок, бардыгы 99 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү  окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -99, каршы-жок, бардыгы 99 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү  окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -99, каршы-жок, бардыгы 99 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Экспорттук контроль жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга)   Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -99, каршы-жок, бардыгы 99 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбооруна экинчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -99, каршы-жок, бардыгы 99 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -99, каршы-жок, бардыгы 99 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -97, каршы-1, бардыгы 98 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -96, каршы-2, бардыгы 98 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -98, каршы-жок, бардыгы 98 депутат добуш берди, 98 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                                            Д. Джумабеков



Көрүүлөрдүн саны : 148