Протокол № 48 13.03.2019-жыл

26-04-2019 16:06

48

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН V СЕССИЯСЫ

 

(2018-2019-жылдар)

 

 

 

2019-жылдын  13-марты                                                                      9 саат 30 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

                                                                                 

Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: Н.К.Алимбеков, О.М.Артыкбаев, А.К.Касымалиева  (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Ш.Осмоновага берилген), А.А.Карашев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Өмүркуловго берилген), А.С.Кодуранова, Н.В.Никитенко  (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Н.Шыкмаматовго берилген), М.Э.Сабиров, Е.Г.Строкова, Э.Т.Токтошев, М.Б.Эгембердиев.

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  К.Р.Садыков,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

88 депутат катталды.

           

1. 2019-жылдын 13-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -67, каршы-жок, бардыгы 67 депутат добуш берди, 88 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Г.С.Молдобекова, Ж.А.Мусабекова, А.М.Эргешов, төрагалык кылуучу.

 

Чечим кабыл алынды: биринчи окууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (2018-жылдын 26-февралындагы №109 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жыйналыштын күн тартибинин долбоорунан алып салуу.

 

2019-жылдын 13-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун депутат Г.С.Молдобекованын сунушун эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -83, каршы-жок, бардыгы 83 депутат добуш берди, 105 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Депутат С.Шер-Ниязды элүү жаш мааракеси менен куттуктоо.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2018-жылдын 22-сентябрындагы №440 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Р.А.Казакбаев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары  М.М.Каратаев, депутат Т.И.Икрамов.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндөгү депутат Т.И.Икрамовдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -61, каршы-жок, бардыгы 61 депутат добуш берди, 108 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Э.С.Тагаев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары  М.М.Каратаев,  депутаттар А.С.Токторов, А.Ү.Жапаров, А.М.Эргешов, М.И.Бакиров,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Р.С.Артыкбаев,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы А.Т.Эркебаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө” (2018-жылдын 10-майындагы №229 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.С.Токторов, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Э.Ирсалиев, депутаттар М.А.Маматалиев, Г.К.Асылбаева.

 

Экинчи окууда каралып жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө” (2018-жылдын 10-майындагы №229 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жыйналыштын күн тартибинен алып салуу тууралуу депутат Г.К.Асылбаеванын сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -58, каршы-жок, бардыгы 58 депутат добуш берди, 112 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, төрагалык кылуучу.

 

4. Биринчи окууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана биринчи окууда “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө” (2019-жылдын 11-февралындагы №47 токтому)  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асановдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Э.Ж.Байбакпаев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов,  депутаттар А.С.Токторов, М.Ю.Абдылдаев, Д.Э.Төлөнов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачысы И.А.Кенжекулов, депутаттар Р.А.Казакбаев, К.Ш.Баймуратов, Б.С.Турусбеков, төрагалык кылуучу, депутат И.И.Матраимов.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотууну жана жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантуу  жөнүндөгү депутат И.И.Матраимовдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -55, каршы-1, бардыгы 56 депутат добуш берди, 114 депутат катталган. 

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

11 саат 20 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

106 депутат катталды.

 

Биринчи окууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана биринчи окууда “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө” (2019-жылдын 11-февралындагы №47 токтому)  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, депутаттар Б.Ж.Субанбеков, К.С.Нурматов.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, депутат У.Т.Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачысы И.А.Кенжекулов, депутаттар И.А.Масалиев, М.К.Жеенчороев, төрагалык кылуучу, депутат Э.Ж.Сурабалдиева, Д.Д.Бекешев.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары И.И.Матраимовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. “2019-жылдын 8-мартында Бишкек шаарынын Чүй-К.Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде өткөрүлгөн иш-чара боюнча маалымат тууралуу” маселени кароо.

 

Сунуш кылынган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асановдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат Д.Д.Бекешев.

 

Каралып жаткан маселе боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндөгү төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -55, каршы-жок, бардыгы 55 депутат добуш берди, 109 депутат катталган. 

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар И.А.Пирматов, Т.И.Икрамов.

 

Каралып жаткан “2019-жылдын 8-мартында Бишкек шаарынын Чүй-К.Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде өткөрүлгөн иш-чара боюнча маалымат тууралуу” маселени жыйналыштын күн тартибинен алып салуу тууралуу депутаттар И.А.Пирматов жана Д.Д.Бекешевдин сунуштары боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -44, каршы-8, бардыгы 52 депутат добуш берди, 109 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Т.И.Икрамов,  Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Б.З.Түлөбаев, депутат З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов,  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Башкы башкармалыгынын начальниги Н.М.Дүйшекеев, депутаттар М.А.Маматалиев,  Ж.А.Мусабекова, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары О.Н.Опумбаев, депутаттар И.А.Пирматов, М.Э.Мавлянова, М.И.Бакиров, У.Т.Кыдыралиев, А.Т.Алтыбаева, Б.С.Турусбеков, К.К.Иманалиев, төрагалык кылуучу.

 

Депутат Ж.А.Мусабекованын сүйлөгөн сөзү боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Мурда каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүүнү жүргүзүү  жана жыйналыштын ишин узартуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -78, каршы-жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 109 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

86 депутат катталды.

 

6. 2019-жылдын 13-мартында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

92 депутат катталды.

 

“Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -92, каршы-жок, бардыгы 92 депутат добуш берди, 92 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -91, каршы-1, бардыгы 92 депутат добуш берди, 92 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -91, каршы-1, бардыгы 92 депутат добуш берди, 92 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Жыйналыш ушуну менен өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                                            Д. Джумабеков

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 214