Протокол № 43 21.02.2019-жыл

26-04-2019 15:51

43

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН V СЕССИЯСЫ

 

(2018-2019-жылдар)

 

 

 

2019-жылдын  21-февралы                                                                 9 саат 30 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

                                                                                 

Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, К.Ш.Баймуратов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ж.К.Турускуловго берилген), К.К.Иманалиев, И.Ш.Өмүркулов, А.Ш.Осмонова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Ш.Жээнбеков берилген), Д.Э.Төлөнов.

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  К.Р.Садыков,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

85 депутат катталды.

           

1. 2019-жылдын 21-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -73, каршы-жок, бардыгы 73 депутат добуш берди, 91 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

2019-жылдын 21-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун жалпысынан кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -74, каршы-жок, бардыгы 74 депутат добуш берди, 92 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: А.К.Касымалиева.

 

2. Ар түрдүү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар М.А.Аманкулов, М.И.Бакиров, Т.У.Жоробеков, Д.К.Төрөкулов, К.Б.Орозова, А.Ж.Исмаилова, С.К.Нышанов, Т.У.Шайназаров, Т.З.Зулпукаров, А.А.Турсунбаев, Д.А.Джумабеков (төрагалык кылуучу), Г.К.Асылбаева, И.Ю.Карамушкина, Н.Т.Каримов, А.К.Касымалиева, Т.А.Масабиров, Р.М.Туманбаева, А.А.Карашев, У.Б.Примов, У.З.Ормонов, Ж.К.Акаев, А.С.Токторов, З.И.Жамалдинов, К.С.Нурматов, А.Ж.Акматов, Б.Ж.Субанбеков, Б.К.Райымкулов, С.М.Джураев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев.

 

Депутат Т.У.Жоробековдун сүйлөгөн сөзү боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат У.З.Ормоновдун сүйлөгөн сөзү боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат М.И.Бакировдун сүйлөгөн сөзү боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

11 саат 20 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

62 депутат катталды.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Э.Сабиров тарабынан демилгеленген “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат У.Т.Кыдыралиев.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы М.И.Бакировдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.Ж.Субанбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Р.И.Ибраимов, депутат Д.Д.Бекешев,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары  А.А.Туйбаева,  Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, депутат М.И.Бакиров.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат С.А.Айдаров.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар И.Т.Гайпкулов, С.К.Нышанов, М.Э.Сабиров-мыйзам долбоорунун демилгечиси, Т.У.Шайназаров, Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы М.И.Бакировдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген "2018-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" (2019-жылдын 31-январындагы №34 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө депутат С.А.Айдаровдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -76, каршы-жок, бардыгы 76 депутат добуш берди, 109 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2018-жылдын 14-мартындагы №137 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын экономика министри О.М.Панкратов, Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары  Ж.К.Сагынбаев, депутаттар Э.Ж.Байбакпаев, А.Н.Шыкмаматов, П.Р.Тулендыбаев,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматынын  төрагасы А.М.Онолбеков, депутаттар Ч.А.Турсунбеков, Д.Д.Бекешев, Г.К.Асылбаева,  Кыргыз-Россия Фондун өнүктүрүү башкарманын төрагасы Э.Ш.Асрандиев, депутаттар О.М.Бакиров, А.А.Карашев, төрагалык кылуучу, депутат У.Т.Кыдыралиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө” (2018-жылдын 6-ноябрындагы №524 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат П.Р.Тулендыбаев, Кыргыз Республикасынын экономика министри О.М.Панкратов, депутат А.А.Карашев,  “Кепилдик фонду” ачык акционердик коому башкармалыгынын төрагасы М.А.Абакиров, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгулов.

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

14 саат 05 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

107 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө” (2018-жылдын 6-ноябрындагы №524 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Т.К.Конушбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгулов, депутат А.А.Турсунбаев, “Кепилдик фонду” ачык акционердик коом башкарманын төрагасы М.А.Абакиров, депутаттар С.К.Нышанов, У.Б.Примов, Кыргыз Респбликасынын экономика министри О.М.Панкратов, депутаттар Н.К.Алимбеков, А.С.Токторов, С.Шер-Нияз, Жунус уулу Алтынбек, Ч.А.Турунбеков, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

6. Депутаттар К.Дж.Рыспаев, Г.Молдобекова, Ж.Турускулов, Т.Тиллаев, М.Исаков, С.Джураев, У.Кыдыралиев, М.Эгембердиев, Н.Каримов тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, К.С.Нурматов, Э.Т.Токтошев, Жунус уулу Алтынбек, З.И.Жамалдинов, М.Г.Мадеминов, Б.К.Райымкулов, А.Ш.Жээнбеков, Р.М.Туманбаева тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Сымап камтылган товарларды ташып келүүнү жөнгө салуу маселелери боюнча)” (“Салык эмес төлөмдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексине, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары А.А.Рыспеков.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2018-жылдын 22-ноябрындагы №543 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асановдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат С.Шер-Нияз, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, депутаттар Д.Д.Бекешев, А.А.Карашев,  Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлгинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча  башкы башкармалыгынын патрулдук кызматынын жол башкармалыгы бөлүмүнүн начальниги  А.Б.Исраилов,  депутаттар У.Б.Примов, К.Б.Орозова, З.И.Жамалдинов,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары А.А.Туйбаева, депутат С.К.Нышанов.

 

Каралып жаткан маселе боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -59, каршы-жок, бардыгы 59 депутат добуш берди, 107 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары А.А.Туйбаева, депутаттар З.Э.Шарапов, У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, депутаттар А.Ю.Кулбараков, О.М.Бакиров, С.Шер-Нияз.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

16 саат 20 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

77 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2018-жылдын 22-ноябрындагы №543 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү:  депутат Н.К.Алимбеков, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча  башкы башкармалыгынын патрулдук кызматынын жол башкармалыгы бөлүмүнүн начальниги  А.Б.Исраилов,  депутаттар Т.А.Масабиров, У.З.Ормонов.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат С.Шер-Нияз.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, С.А.Айдаров тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси-депутат Г.К.Асылбаеванын сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар К.Ж.Рыспаев, Г.К.Асылбаева-мыйзам долбоорунун демилгечиси.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин бешинчи абзацын расмий чечмелөө тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси-депутат Д.Д.Бекешевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү:  депутаттар Г.К.Асылбаева, мыйзам долбоорунун демилгечиси-депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Э.Асылкулов, депутаттар А.А.Карашев, М.И.Бакиров, П.Р.Тулендыбаев, Т.Т.Мамытов, А.С.Токторов, Кыргыз Республикасынын экономика министри Р.М.Панкратов, депутат К.Ж.Рыспаев,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  К.Р.Садыков, депутаттар А.Артыков, Д.А.Бакчиев, С.Шер-Нияз, Т.З.Зулпукаров, төрагалык кылуучу, депутат Т.Т.Мамытов.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген "2018-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" (2019-жылдын 31-январындагы №34 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министри О.М.Панкратовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Каралып жаткан маселе боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -84, каршы-жок, бардыгы 84 депутат добуш берди, 108 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын экономика министри О.М.Панкратов, депутаттар Э.Ж.Байбакпаев, М.И.Бакиров,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы  А.Т.Эркебаев,  депутат Э.Ж.Сурабалдиева,  “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК башкарманын төрагасы Б.А.Шамкеев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары М.А.Парханов, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары-Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине караштуу илим департаментинин директору Б.И.Баетов, депутат А.Т.Абжалиев, төрагалык кылуучу.

 

Жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантуу жөнүндө жана мурда каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүүнү жүргүзүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -85, каршы-жок, бардыгы 85 депутат добуш берди, 108 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Ж.К.Акаев, “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК башкарманын төрагасы Б.А.Шамкеев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар М.И.Бакиров, Э.Ж.Сурабалдиева.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, А.Артыков.

 

 

12. 2019-жылдын 21-февралында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

111 депутат катталды.

 

“Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -109, каршы-жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -108, каршы-1, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

“Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -108, каршы-1, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Дж.Рыспаев, Г.Молдобекова, Ж.Турускулов, Т.Тиллаев, М.Исаков, С.Джураев, У.Кыдыралиев, М.Эгембердиев, Н.Каримов тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -107, каршы-1, бардыгы 108 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Дж.Рыспаев, Г.Молдобекова, Ж.Турускулов, Т.Тиллаев, М.Исаков, С.Джураев, У.Кыдыралиев, М.Эгембердиев, Н.Каримов тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда кайрадан  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -109, каршы-жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Сымап камтылган товарларды ташып келүүнү жөнгө салуу маселелери боюнча)” (“Салык эмес төлөмдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексине, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -109, каршы-жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -109, каршы-жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, С.А.Айдаров тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -109, каршы-жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин бешинчи абзацын расмий чечмелөө тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -105, каршы-4, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

"2018-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -108, каршы-1, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                                            Д. Джумабеков



Көрүүлөрдүн саны : 193