Протокол № 42 20.02.2019-жыл

26-04-2019 15:51

 42

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН V СЕССИЯСЫ

 

(2018-2019-жылдар)

 

 

 

2019-жылдын  20-февралы                                                                 9 саат 30 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

                                                                                 

Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, К.Ш.Баймуратов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ж.К.Турускуловго берилген), К.Т.Зулушев, К.К.Иманалиев, И.Ш.Өмүркулов, Д.Э.Төлөнов.

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  К.Р.Садыков,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

83 депутат катталды.

           

1. 2019-жылдын 20-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -70, каршы-жок, бардыгы 70 депутат добуш берди, 85 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

Чечим кабыл алынды:  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2018-жылдын 30-мартындагы №171 токтому) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын бириктирилген мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинин долбоорунан алып салуу.

 

2019-жылдын күн тартибинин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдиновдун сунушун эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -69, каршы-жок, бардыгы 69 депутат добуш берди, 90 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, “Суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) (2018-жылдын 27-февралындагы №114 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда  кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Ж.Акматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, депутаттар Р.А.Казакбаев, Т.У.Шайназаров, К.Б.Ороозова, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директорунун орун басары Э.Ж.Жусуматов, депутат З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Ж.Акматов.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Ж.Акматовдун  сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -67, каршы-1, бардыгы 68 депутат добуш берди, 97 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Ш.Осмонов, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директорунун орун басары Э.Ж.Жусуматов, төрагалык кылуучу, депутаттар А.А.Турсунбаев, Р.М.Туманбаева, А.М.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин юристи А.К.Байитов, депутаттар К.С.Нурматов, Т.З.Зулпукаров,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары А.А.Рыспеков,  депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин  суу ресурстары, суу пайдалануу жана мамлекет аралык суу бөлүштүрүү бөлүмүнүн начальниги А.Т.Сулайманов,  депутат Р.А.Казакбаев,  Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимов, депутат А.К.Касымалиева,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын көзөмөлдөө, суу ресурстары жана обьекттер үчүн күзөтүү боюнча оперативдүү көзөмөлдөө башкармалыгынын бөлүм башчысы А.Б.Нураев,  депутаттар Б.Ж.Субанбеков, К.Ж.Рыспаев,  “Кыргызалтын” ААК экономика, финансы жана инвестиция боюнча башкармалыктын төрагасынын орун басары Жумадилде уулу М.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

11 саат 25 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

100 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, “Суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) (2018-жылдын 27-февралындагы №114 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директорунун орун басары Э.Ж.Жусуматов, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин юристи А.К.Байитов, депутат Б.Э.Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.Т.Кадырбаев, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы А.М.Мамбетов, депутаттар Б.К.Райымкулов, У.Т.Кыдыралиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Ж.Акматовдун  сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана депутаттар М.А.Маматалиев С.А.Келдибаев Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген . “Инвестициялык фонддордун ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Инвестициялык фонддор жөнүндө”, “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө”, “Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) (2018-жылдын 17-октябрындагы №482 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун үчүнчү окууда кароо. 

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын  сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

4. Депутаттар Г.К.Асылбаева, С.А.Айдаров, И.Т.Гайпкулов, Д.Д.Бекешев, А.Ш.Султанов, Д.Ш.Исаева тарабынан демилгеленген  “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары У.Б.Примовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. Депутаттар М.А.Маматалиев, А.К.Дюшалиев жана М.И.Бакиров, А.Алтынбеков, А.О.Узакбаев, Жунус уулу Алтынбек тарабынан демилгеленген Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын  сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат М.А.Маматалиев-мыйзам долбоорунун демилгечиси,  Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директорунун орун басары М.И.Дүйшеев, депутаттар Д.Д.Бекешев, М.И.Бакиров-мыйзам долбоорунун демилгечиси, төрагалык кылуучу, депутаттар Т.У.Жоробеков, Т.Г.Тиллаев,  Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимов, төрагалык кылуучу,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаева.

 

Депутаттар М.А.Маматалиев, А.К.Дюшалиев жана М.И.Бакиров, А.Алтынбеков, А.О.Узакбаев, Жунус уулу Алтынбек тарабынан демилгеленген Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун экинчи окуу режимине кайтуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -72, каршы-жок, бардыгы 72 депутат добуш берди, 106 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимов, депутаттар У.Б.Примов, А.К.Касымалиева, төрагалык кылуучу, депутат М.А.Маматалиев.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Арапбаев тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси-депутат А.А.Арапбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, А.А.Арапбаев-мыйзам долбоорунун демилгечиси, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Э.К.Абакиров, депутаттар Д.Г.Төрөкулов, Э.Ж.Байбакпаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Э.Асылкулов.

 

Ушул  мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын  сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

7. Депутаттар М.И.Бакиров, А.Ү.Жапаров К.К. Исаев, Т.А.Масабиров, А.Т.Алтыбаева, Т.З.Зулпукаров, Б.К.Райымкулов  тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси-депутат М.И.Бакировдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Б.Ж.Субанбеков, М.И.Бакиров-мыйзам долбоорунун демилгечиси, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын жооптуу катчысы Ж.А.Саманбаева, депутаттар У.Б.Примов, Д.Г.Төрөкулов.

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

14 саат 05 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

66 депутат катталды.

 

Депутаттар М.И.Бакиров, А.Ү.Жапаров К.К.Исаев, Т.А.Масабиров, А.Т.Алтыбаева, Т.З.Зулпукаров, Б.К.Райымкулов  тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар З.И.Жамалдинов, М.И.Бакиров-мыйзам долбоорунун демилгечиси, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын жооптуу катчысы Ж.А.Саманбаева, депутаттар К.С.Бокоев, А.Т.Абжалиев, А.А.Турсунбаев, З.К.Рысалиев, Д.Б.Аттокуров, К.С.Нурматов, С.Шер-Нияз, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2018-жылдын 10-сентябрындагы №422 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асановдун сүйлөгөн сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” (2018-жылдын 10-декабрындагы №577 токтому) Кыргыхз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Н.Б.Кедеевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат М.К.Жеенчороев, Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Н.Б.Кедеев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Э.Асылкулов, депутат Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу, депутат А.А.Турсунбаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

10. 2019-жылдын 20-февралында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

106 депутат катталды.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, “Суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -106, каршы-1, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Инвестициялык фонддордун ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Инвестициялык фонддор жөнүндө”, “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө”, “Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамдарга) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбооруна үчүнчү  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -106, каршы-1, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -109, каршы-жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -108, каршы-жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда кайрадан  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -109, каршы-жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -108, каршы-1, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -109, каршы-жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -109, каршы-жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                                            Д. Джумабеков

 

 

 

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 267