2019-жылдын 11- апрелиндеги № 2998-VI “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

11-04-2019 17:41

“Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын11-февралындагы № 47-токтому) “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                             М.И. Бакиров

 

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 88