2019-жылдын 11- апрелиндеги № 2995-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 11-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

11-04-2019 12:17

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 11-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  т о к т о м  к ы л а т:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 11-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

Ар кандай;

“Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Медиация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Жерди пайдалануу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;

“Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                      А.К. Касымалиева

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 79