Протокол № 1 01.09.2016-жыл

16-09-2016 08:58

 

 

 

 

1

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН II СЕССИЯСЫ

 

2016-2017-жылдар

 

2016-жылдын 1-сентябры                                                     9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

Төрагалык кылган                                   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А. Турсунбеков

 

          Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басарлары К.А.Абышев, И.Ж.Мойдинов.

 

          106 депутат каттоодон өттү.

 

          Төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин VI чакырылышынын II сессиясынын биринчи жыйналышын ачты.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын армиясынын борбордук үйүнүн аскердик-көрсөтмө оркестри жана Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти А.Б.Саралаев аткарды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Депутаттар 2016-жылдын 27-августундагы болуп өткөн Россия Федерациясынын Москва шаарындагы “Печатный экспресс” басмаканасынын складындагы өрттүн натыйжасынан жана Бишкек – Ош трассасында жол-транспорт кырсыгынан каза болгондорду бир минута тымтырс туруп эскеришти.

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешиинин алдында депутат Б.С.Ибраимжанов (“Республика-Ата-Журт”) ант берди.

 

Чыгып сүйлөгөндөр: төрагалык кылуучу, депутат Ө.Ч.Текебаев – “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери.

 

2. 2016-жылдын сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин ишинин календардык планынын долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -101, каршы- жок, бардыгы 101 депутат добуш берди.

Чыгып сүйлөгөндөр: депутаттар И.Ш.Өмүркулов, А.Ж.Салянова, Ө.Т.Бабанов, Р.М.Туманбаева, Ө.Ч.Текебаев, А.Б.Баатырбеков, Д.А.Джумабеков, К.Дж.Рыспаев, Т.Т.Мамытов, төрагалык кылуучу, депутат С.Шер-Нияз.

Чечим кабыл алынды - “Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн айрым маселелери тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун (демилгечи - “Ата Мекен” парламенттик фракциясы) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2016-жылдын сентябрындагы ишинин календардык планынын долбооруна толуктоо киргизүү.

2016-жылдын сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин ишинин календардык планынын долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -104, каршы - жок, бардыгы 104 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

КСДП парламенттик фракциясынын лидери депутат И.Ш.Өмүркуловдун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин айрым комитеттеринин курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселени кароо үчүн тыныгуу жарыялоо тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 86, каршы- 1, бардыгы 87 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

“Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери депутат Ө.Ч.Текебаевдин сунушу боюнча ага 10 минута чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 88, каршы - 4, бардыгы 92 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Депутат Д.А.Джумабековдун сунушу боюнча “Ар кандай” маселесин жыйналыштын күн тартибинин долбоорунан алып салуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 75, каршы - 16, бардыгы 91 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөгөндөр: депутаттар Р.М.Туманбаев, Ө.Ч.Текебаев – “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери.

 

Төрагалык кылуучу 30 мүнөт тыныгуу жарыялады.

 

                              11 саат 25 мүнөт

 

          96 депутат катталды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI (Т.З.Зулпукаров жөнүндө) “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 80, каршы - 2, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөгөндөр: төрагалык кылуучу, депутат К.Дж.Рыспаев.

Депутат К.Дж.Рыспаевдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин комитеттеринде 2016-жылдын 7-8-сентябрындагы депутаттардын иши жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы – 11, бардыгы 80 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

КСДП парламенттик фракциясынын лидери депутат Ө.Ш.Өмүркуловдун сунушу боюнча ага 10 минута чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 34, каршы – 1, бардыгы 35 депутат добуш берди.

 

КСДП парламенттик фракциясынын лидери депутат Ө.Ш.Өмүркуловдун сунушу боюнча ага 10 минута чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө кайталап добуш берүү добушка коюлду.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 53, каршы – жок, бардыгы 53 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат И.Ш.Өмүркулов – КСДП парламенттик фракциясынын лидери.

 

Депутат Ө.Т.Бабанов – “Республика – Ата-Журт” парламенттик фракциясынын лидеринин сунушу боюнча ага 10 минута чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы – жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөгөндөр: депутаттар “Республика – Ата-Журт” парламенттик фракциясынын лидери – Ө.Т.Бабанов, А.Ж.Салянова, төрагалык кылуучу, депутат К.К.Исаев.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                                       Ч.Турсунбеков

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 5260