2019-жылдын 13-мартында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

13-03-2019 14:17

 

 

1. “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.09.18деги № 440 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 06.02.19дагы № 45 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 11.02.19дагы № 47 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)



Көрүүлөрдүн саны : 534