2019-жылдын 27- февралындагы № 2925- VI “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

27-02-2019 09:10

 

“Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 5-мартындагы № 124-токтому) “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

 

Төрага                                                                                 Д.А. Джумабеков

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 85