2019-жылдын 27- февралындагы № 2924- VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

27-02-2019 09:01

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-февралындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

“Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Күрөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2019-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерликтерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

 

 

Төраганын орун басары                                                 А.К. Касымалиева



Көрүүлөрдүн саны : 39