2019-жылдын 13- февралындагы № 2902-VI Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыздоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына аткезчилик товарды ташып кирүүнү токтотуу жөнүндө

13-02-2019 11:31

 

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыздоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына аткезчилик товарды ташып кирүүнү токтотуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасына товарларды ташып киргизүүдө (импорттоодо), ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын бузулушуна жол бербөө максатында товарлардын эсепке алынбаган, аткезчилик ташып кирүү фактыларын табуу жана токтотуу, товарлардын жана орун которуштурулган жүктөрдүн көлөмдөрүн натыйжалуу транспорттук контролдоону камсыздоо боюнча иштерди күчөтүүнүн зарылдыгына байланыштуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2019-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө төмөнкүлөр тапшырылсын:

-төмөнкүлөр каралган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин:

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында эсепке алынбаган, аткезчилик товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү учурунда салык мыйзамдарын, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибин бузгандыгы үчүн (уюштуруучулардын, уюмдардын жетекчилеринин, ошондой эле жеке жактардын) жоопкерчилиги;

Кыргыз Республикасынын аймагына аткезчилик, эсепке алынбаган товарларды ташып киргизүүгө байланышкан учурлардан тышкары, бейтарап соттордун жана салыктык текшерүүлөрдүн аутсорсинг механизмдерин кошуп алганда, салыктык процесстердин кесипкер катышуучуларын, жеке сектордун көз карандысыз өкүлдөрүн тартуу менен бизнес үчүн салыктык текшерүүлөрдүн жана салыктардын кошуп эсептелген суммаларынын жыйынтыктарын талашып-тартышуу механизмдерин түзүү;

-аларга карата ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөө режими колдонулган жеке жактар тарабынан (тигүү жана текстил тармактарынын субъектилеринен тышкары) товарлардын ташып киргизилишине (импорттоого) жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып киргизүү үчүн бекем контролду жүзөгө ашыруу;

-Евразия экономикалык комиссиясынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 Чечими менен бекитилген бажы чегарасында жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагындагы карантинге алынуучу продукцияларга жана карантинге алган объектилерге карата коюлган Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптардын шарттарынын (фитосанитардык сертификаттардын, маркировкалардын болушу, карантиндик объектилердин жоктугу) жеке жана юридикалык жактар тарабынан милдеттүү сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрүү;

-төмөндөгүлөрдү камсыз кылсын: товарлардын жана орун которулуштурулган жүктөрдүн көлөмдөрүнүн эсебин алууну жүзөгө ашыруу, салык салуу жана товарларга байкоо жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына ташып киргизүү (импорттоо) датасын аныктоо үчүн транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу/стационардык пункттарын зарыл техникалык каражаттар жана курулмалар менен жабдуу жаатында “Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
23-августундагы № 396 токтомунун аткарылышын ойдогудай контролдоону;

фитосанитардык сертификаттары жок карантинге алынуучу продукцияларды, ошондой эле карантинге алган объектилерде ууланган продукцияларды ташып киргизүүгө жол бербөөнү. Карантиндик объектилерде ууланган карантинге алынуучу продукциялар табылган учурда Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 17-августундагы № 340 Чечимине ылайык аларды кайтарып берүү же жок кылуу (тараларды кошуп алганда) боюнча чараларды көрүү;

Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 317 Чечимине ылайык бекитилген ветеринардык контролго (көзөмөлгө) жаткан товарларга карата коюлуучу Бирдиктүү ветеринардык (ветеринардык-санитардык) талаптардын шарттарынын (ЕАЭБдин Реестринде ишканалардын, ветеринардык сертификаттардын, маркировкалоонун болушу, товарлар чыгарылган жерлердин ыңгайлуулугу) продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнү жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактар тарабынан сакталышы үчүн ойдогудай контролдоону;

тиешелүү ветеринардык коштомо документтери жок ветеринардык контролго жаткан товарлардын, ошондой эле аларга карата Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүү боюнча убактылуу чектөө чаралары колдонулган товарлардын жеке жана юридикалык жактар тарабынан ташып киргизилишине жол бербөөнү;

-2019-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Евразия экономикалык бирлигинин ченемдик укуктук актылары менен белгиленген талаптарга ылайык Евразия экономикалык бирлигинин аймагы боюнча Кыргыз Республикасында орун которулуштурулган товарларга толук кандуу автоматташтырылган маркировкалоо жана байкоо жүргүзүү тутумун киргизүү үчүн техникалык тапшырманы иштеп чыгууну аяктоону жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тизмегин бекитүүнү;

-өткөрмө пункттарда, салмактарды контролдоо тутумунда, “коопсуз шаар” тутумунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын жана мамлекеттик бажы кызматынын автоматташтырылган тутумдарында көрмө-байкоо камераларындагы маалыматтарды кийин бирдиктүү автоматташтырылган тутумга интеграциялоо менен машиналардын номерлери, коштомо жүк, анын салмагы, жүрүү маршруту жана компания-импортер жөнүндөгү маалыматтардын онлайн-каттоо механизмдери каралган Евразия экономикалык бирлигинин ички чегарасы аркылуу орун которуштурулган товарларды жана транспорттук каражаттарды контролдоонун жана эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун иштеп чыгууну жана киргизүүнү.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) артыкчылыктуу милдеттери Кыргыз Республикасынын аймагына эсепке алынбаган, аткезчилик товарлардын ташып киргизилишин токтотуу, салыктарды жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкандыгы үчүн адамдарды жоопкерчиликке тартуу болуп санала тургандыгы аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын, бажы жана салык кызматтарынын органдарынын, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча органынын жетекчилерине ушул токтомго ылайык функциялардын жана милдеттердин аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик жүктөлсүн.

4. “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоо, ошондой эле көрсөтүлгөн мыйзамды бузгандыгы үчүн адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                 А.К. Касымалиева



Көрүүлөрдүн саны : 128