Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 22-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйналышынын күн тартиби (жаныртылды)

17-06-2016
18:15

Өзгөртүүлөр болушу мүмкүн

Долбоор

2016-жылдын 22-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйналышынын күн тартиби

1. “Жерди пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жер кодексине, Турак-жай кодексине, Токой кодексине, Граждандык кодекске, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамдарга) (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи - Өкмөт, 27.10.15теги № 756 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет)

2. “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Турсунбеков Ч.А., Сурабалдиева Э.Ж., Аманкулов М.А., Арапбаев А.А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Салык кодексине, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамга) (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 03.02.16дагы № 50 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

4. “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи - Өкмөт, 16.02.16дагы № 67 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет)

5. “Үрөн жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи - Өкмөт, 09.03.16дагы № 114 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет)

6. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамга) (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – ЖКнын V чакырылышынын депутаты Текебаев Ө.Ч.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет)

7. “Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 01.04.16дагы № 168 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)

8. “Гродно шаарында 2015-жылдын 8-сентябрында кол коюлган “Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар” товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015 - 2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи - Өкмөт, 02.02.16дагы
№ 48 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)

9. “2015-жылдын 13-декабрында Эль-Кувейт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу, кирешеге жана капитал салыктары боюнча салык салуудан качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 12.05.16дагы № 245 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)

10. “2015-жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Бурабай айылында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактарында биргелешкен ыкчам-тергөө топторду түзүүнүн тартиби жана алардын иши тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 17.05.16дагы № 260 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)

11. “Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2007-жылдын 6-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарын жабдуу үчүн атайын техниканы жана атайын каражаттарды берүүнүн жеңилдетилген шарттары тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө экинчи протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 12.05.16дагы № 242 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)

12. “Бишкек шаарында 2016-жылдын 18-январында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Глобалдык экологиялык фонддун аткаруучу агенттиги катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.05.16дагы № 268 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет)

13. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамга) (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 28.10.15теги № 758 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет)

14. “Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Токой кодексине, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Озон катмарын коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамдарга) (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 16.05.16дагы № 258 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет)

15. “Маалыматташтыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 03.03.16дагы № 102 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

16. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Салык кодексине, Кылмыш-жаза кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Жапаров А.Ү., Жылкыбаев У.К., Исаева Д.Ш., Макеев Н.К., Мамашова А.Т.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

17. “Темир жол транспорту жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи - Өкмөт, 06.06.16дагы № 303 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет)

18. “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи - Өкмөт, 11.02.16дагы № 58 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)

19. “Кыргыз Республикасында гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бакиров М.И., Акматов А.Ж., Нышанов С.К.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет)

20. “Пробация (шарттуу кесүү) жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Скрипкина Г.А.) (Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитет, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

21. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-аткаруу кодексине) (демилгечи – Өкмөт, 29.03.16дагы № 161 токтом) (Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитет)

22. “Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.04.16дагы № 218 токтом) (Бюджет жана финансы боюнча комитет, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет)

23. 2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету тууралуу (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет) (саат 16.00дө)