2018-жылдын 22-ноябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

27-11-2018 09:50

2018-жылдын 21-ноябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “2018-жылдын 3-апрелинде Тунис шаарында кол коюлган “Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.06.18деги № 301 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынысын)

 

2. “2017-жылдын 1-декабрында Сочи шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.05.18деги № 261 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынысын)

 

3. “2018-жылдын 21-январында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар мамлекетинин Өкмөтүнүн оротосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.08.18деги № 395 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынысын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.03.18деги № 141 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 2565-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Ломбарддардын иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын макулдашылган варианты (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт, 06.09.17деги № 548 токтом (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынсын)

 

6. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Бекешев Д.Д.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Нурбаев А., Пирматов И., Мавлянова М., Бакиров М., Алимбеков Н., Акаев Ж., Иманалиев К., Джумабеков Д., Турускулов Ж., Примов У., Осмонова А., Жамангулов А., Бекешев Д., Джураев С., Жунус уулу Алтынбек, Керезбеков К., Кулбараков А., Сулайманов А., Жээнбеков А.Ш.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

 

2018-жылдын 22-ноябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

 

8. “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.07.18деги № 349 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

9. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 14.05.18деги № 232 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

10. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.10.18деги № 509 токтом) (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

11. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.09.18деги № 452 токтом) (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 109