2018-жылдын 14-ноябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

15-11-2018 08:45

 

 

1. “2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге “Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө Сочи шаарында 2018-жылдын 14-майында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.07.18деги № 331 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “2017-жылдын 13-сентябрында кол коюлган 1992-жылдын 6-июлундагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык Сотунун статусу жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.04.18деги № 209 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.08.18деги № 391 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттин биринин жарандары Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө болгон башка мамлекеттин аймагындагы өндүрүштө иштеп жүргөндө кабылган кырсыктарды териштирүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.08.18деги № 387 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “2018-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2013-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары болуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант №TF013310) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.08.18деги № 412 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын , Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

6. “2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.09.18деги № 435 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)



Көрүүлөрдүн саны : 143