2018-жылдын 31-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

01-11-2018 08:27

 

 

1. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Макеев Н.К., Арапбаев А.А., Тиллаев Т.Г., Мусабекова Ж.А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын банк иштери чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамдарга, Граждандык кодекске) (демилгечи – Өкмөт, 19.03.18деги № 142 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиги жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.07.18деги № 350 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.05.18деги № 251 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Бокоев К.С.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г., Айдаров С., Гайпкулов И., Бекешев Д., Султанов А., Исаева Д.) (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

7. “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 05.03.18деги № 124 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 165