“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацын, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин
1-бөлүгүнүн 14-пунктун жана 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин кызмат ордуна Жаманкулов Азамат Капаровичтин талапкерлиги жактырылсын.
2. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги
№ 2379-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун он жетинчи абзацындагы “Жумагулов Султанбек” деген сөздөр “Жаманкулов Азамат Капарович” деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Д.А. Джумабеков