2018-жылдын 25 - октябрындагы № 2648-VI “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

25-10-2018 15:48

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацын, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин
1-бөлүгүнүн 14-пунктун жана 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м   к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Кочкоров Улукбек Тойчубаевичтин талапкерлиги жактырылсын.

2. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги
№ 2379-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун он тогузунчу абзацындагы “Исакунова Таалайкүл Базаркуловна” деген сөздөр “Кочкоров Улукбек Тойчубаевич” деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага                                                                                      Д.А. Джумабеков

 



Көрүүлөрдүн саны : 160