2018-жылдын 11 - октябрындагы № 2632-VI “2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

15-10-2018 15:58

“2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 7-августундагы № 366-токтому) “2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                             М.И. Бакиров

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 167