2018-жылдын 17 - октябрындагы № 2633-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 17-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

17-10-2018 11:53

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 17-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 17-октябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды коргоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын
8-февралындагы №1327-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.

 

 

 

Төрага                                                                                      Д.А. Джумабеков



Көрүүлөрдүн саны : 176