ЕККУ ПАнын күзгү отурумунун алкагында Жогорку Кеңештин жана ЕККУ ПАга мүчө-мамлекеттердин айым депутаттары жолугушту

05-10-2018 15:59

Бүгүн, 5-октябрда Бишкекте өтүп жаткан ЕККУ ПАнын  күзгү отурумунун алкагында Жогорку Кеңештин айым депутаттар форумунун мүчөлөрү менен ЕККУ ПАга мүчө мамлекеттердин айым депутаттары жолугушту. Жогорку Кеңештин айым депутаттар форумунун төрайымы, депутат Рада Туманбаева аталган форумдун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, максаттар жана жетишкендиктер жөнүндө кеп кылды.  

Парламенттер аралык байланышты жакшыртуу багытында маанилүү аянтча түзүп бергени үчүн ЕККУга ыраазычылык билдирген Рада Туманбаева, чет өлкөлүк меймандарга Кыргызстан аялдарынын тарыхый ролу жана ар кандай чечим кабыл алуудагы жигердүүлүгү тууралуу айтып берди. «Тарыхыбызга кайрылсак, Кыргызстандын мамлекет катары калыптанышында жана өнүгүшүндө аялдар дайыма өзгөчө орунда турган. Алар эркектер менен катар татаал саясий, социалдык жана башка маселелерди чечүүгө жигердүү катышып, кээде жоопкерчиликтүү кызматтарды да аркалашкан. Анын анык мисалы катары атактуу Алай ханышасы атыккан Курманжан Датка энебизди айтсак болот», - деди депутат Рада Туманбаева.

Иш-чаранын алкагында башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү да чыгып сүйлөп, уюштурулган жолугушууга ыраазычылык билдиришти. Алардын көпчүлүгү аялдар бириктирүүчү күчкө экендигин баса белгилешти. Алсак, Армения парламентинин депутаты Эрмине Нагдалян: «Биз биргеликте күчтүүбүз жана адамдардын жашоосун жакшыртуу багытындагы жакшы жетишкендиктерге бирге жете алабыз», - деди. Андан тышкары, жолугушуунун катышуучулары айым депутаттардын жигердүүлүгүн арттыруу жана аялдардын жетекчилик кызматтардагы ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча пикир алмашты.      

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы



Көрүүлөрдүн саны : 192